Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

"Окуу китеби" басма үйү ката менен чыккан китептерге тиешеси жоктугун билдирди

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китеп, документтер.
“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китеп, документтер.

Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү мамлекеттик мекемеси менен 2026-жылга 4 339 606 нуска окуу китептерин басып чыгаруу үчүн 760 млн 212 миң 130 сомдук келишим түзүлгөн. Учурда 1,2 млн нуска китеп басып чыгарууга 600 млн сом бөлүнүп жатат.

Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Төлөгөн Аматов 24-сентябрда журналисттерге билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы жалпы 4,4 млн нуска окуу китеби чыгарылып, ага 856 млн сом жумшалган.

Төлөгөн Аматов окуу китептериндеги каталарга, так эместиктерге жана түшүнүксүз жагдайларга байланыштуу маселелерди ачык талкуулап, тиешелүү адистер менен биргеликте карап чыгууга даяр экенин кошумчалады.

"Китептин техникалык сапатына "Учкун" мамлекеттик концерни жооп берет, биз ичиндеги контентине жооп беребиз. Интернетте тарап жаткан ичинде каталары бар китептерди биз даярдаган эмеспиз", - деди Аматов.

Ал ошондой эле "Окуу китеби" мекемеси тиешелүү комиссиялардын, аудиттин жана башка ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүсүнө ачык экендигин белгиледи.

Жаңы окуу жылы менен кошо башталган окуу куралдарына байланышкан чырдан улам, 24-сентябрда Жогорку Кеңеште "Окуу китеби" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Депутат Камила Талиеванын сунушун төрага Марлен Маматалиев кубаттап, тармактык комитеттин алкагында комиссия түзүүнү тапшырган.

Окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону кабарланган. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатыкка чыгарылбай турганын билдирген.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.

Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган. (ErN/ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG