“Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, кийин соттон акталып чыккан саясатчы Азимбек Бекназаров “кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиевди, Курманкул Зулушевди жана Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду сотко берүүнү максат кылышып, бирок аларды президент Садыр Жапаров токтотуп койгонун билдирди. Бул тууралуу ал активист Айбек Теңизбайга берген маегинде айтты.
Азимбек Бекназаров соттун актоо чечиминен кийин айрым “кемпирабадчылар” Садыр Жапаров менен жолукканын, анда жогоруда сөз болуп жаткан адамдардан моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүү демилгеси көтөрүлгөнүн кошумчалады.
“Президент “акталдыңар. Калганын Кудайга койгулачы. Жазбай эле койгулачы. Силер жазгандан кийин мамлекеттин эле казынасына оорчулук келет” дегенинен “кемпирабадчылар” сотко берген жокпуз”, - деди ал.
Азимбек Бекназаров бирок июнь айында “Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинде тергөөдө берген көрсөтмөсү” деген видеосунда УКМКнын мурдагы төрагасы “кемпирабадчыларды” сөккөнүн. Ушундан улам сотко кайрылуу маселесин кайра карап жатышканын билдирди.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМтин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.
Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
“Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 27-мартта Бишкек шаардык соту актаган. “Кемпирабадчыларга” иш козголуп, камалган учурда Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турган.
Азимбек Бекназаровдун соңку маеги боюнча президенттин администрациясы комментарий бере элек. (BTo)
Шерине