Экономика жана коммерция министрлиги “Жер кодексине” жана “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы бир жолу түшүндүрмө берди.
Мекеме жер белгилүү бир инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн жана белгиленген мөөнөткө гана берилерин, инвестор алган милдеттенмелерин убагында аткарбаса, жерди пайдалануу укугу токтотулушу мүмкүн экенин билдирди. Маалыматка ылайык, муну менен инвестиция тартуу жана аймактардын экономикалык өсүшүнө шарт түзүү максаты коюлууда.
“Чет элдик инвесторлорго жер берүү - башкы максат эмес. Башкы максат - конкреттүү экономикалык натыйжа бере турган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу”, - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык үч комитети кабыл алган. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.
Мыйзам долбооруна ылайык, жер тилкеси тышкы жана ички инвесторго бирдей шартта берилет. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер 10 жылга пайдаланууга берилет. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук жана өз убагында аткарган учурда жерди пайдалануу мөөнөтү 25, кийин 50 жылга жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.
Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.
Азыр иштеп жаткан Жер кодекси боюнча чет элдик жаранга жердин үстүндөгү мүлк жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет. Айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк алса болот. (BTo)
Шерине