Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Орусия Запорожье менен Киевде май куюучу жай, кампа жана соода борборуна сокку урду

Киевдеги соккуга кабылган май куюучу жай. 23-сентябрь, 2026-жыл
Киевдеги соккуга кабылган май куюучу жай. 23-сентябрь, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 22-сентябрдын кечинде Запорожьедеги "Амстор" соода борборуна сокку уруп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 6 миң чарчы метр аянтты өрт чулгады.

"Кайталанган чабуул коркунучунан улам куткаруучуларга өтө оор шартта иштөөгө туура келди. Коопсуз жайга жашынуу керек болгондуктан, иш маал-маалы менен токтотулуп турду. Окуя болгон жерде бардык ыкчам кызматтар иштеди", - деп билдирди аталган мекеме.

Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров чабуулдан кийин соода борборунун чатыры тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун айтымында, таңкы чабуул маалында Соломенск районунда дрондун сыныктары турак үйлөрдүн ортосундагы аймакка кулап, транспорт ишканасынын аймагында өрт чыккан. Голосеев районунда май куюучу жай бутага алынып, кампалар да күйгөн. Дарница районунда транспорттук инфраструктура объектиси жана май куюучу жай чабуулга кабылган. Үч адам жараат алган, алардын бири ооруканада каза болгон. Орусиялык күчтөр тогуз кабаттуу турак үйгө да сокку урган.

Киев облусунда да үч адам жабыркап, жалпысынан 18 объект зыян тартты. Облустук аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченконун маалыматына караганда, алардын 14ү Бучада жайгашкан.

Изюм шаарында авиациялык бомбалардан сегиз адам жабыркады. Украин тараптын билдирүүсүндө, эки кабаттуу үйлөр, жеке турак жайлар, чарбалык курулуштар жана автоунаалар талкаланган.

Сумы шаары да түн ичинде аткыланды. Натыйжада эки жеке турак үй жана эки жарандык инфраструктура объектиси жабыркады. Кеминде бир адам жаракат алган.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 23-сентябрга караган түнү Орусия Украинага 161 дрон учурган. Алардын 119у атып түшүрүлгөн. Мындан тышкары, "Бандероль"/"Дань-Т" үлгүсүндөгү үч дрон-ракета жок кылынган.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Киев шаарында жана Киев облусунда дрон чыгарууда колдонулган материалдар сакталган кампаларга жана "Туканс" ишканасына сокку урулганын билдирди. Ошондой эле Одессадагы үч логистикалык борбор, Одесса облусунун Мирное айылындагы дрондор үчүн тетиктер сакталган кампа жана Кара деңиздеги жүк ташуучу кеме бутага алынганын билдирди.

Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG