Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

ЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдоду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети 21-сентябрдагы жыйынында “Жер кодексине”, “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда колдоп берди.

Тармактык комитетте баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова документ негизинен өлкөгө инвестор тартууга багытатталганын айтты.

Бул мыйзам долбоорун буга чейин Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети, ошондой эле Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети да биринчи окууда кабыл алган.

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.

Мыйзам долбооруна ылайык, жер тилкеси тышкы жана ички инвесторго бирдей шартта берилет. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер 10 жылга пайдаланууга берилет. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук жана өз убагында аткарган учурда жерди пайдалануу мөөнөтү 25, кийин 50 жылга жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.

Азыр иштеп жаткан Жер кодекси боюнча чет элдик жаранга жердин үстүндөгү мүлк жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет. Айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк алса болот. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG