Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады

Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү Москванын борборунда Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоонун алдында добушкананы текшерип жатат. 2026-жылдын 17-сентябры
Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү Москванын борборунда Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоонун алдында добушкананы текшерип жатат. 2026-жылдын 17-сентябры

Орусияда Мамлекеттик Думага 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин үч күнгө созулган шайлоо аяктады. Ушул эле күндөрү көптөгөн аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо да өттү. Чек арага жакын айрым облустарга шайлоону эртерээк өткөрүүгө уруксат берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, шайлоого катышуу 56,66% түздү.

БШКнын төрайымы Элла Памфилова 20-сентябрда бюллетендердин 13,9% саналгандан кийинки алгачкы жыйынтыктарды жарыялады. Анын айтымында, күтүлгөндөй эле "Бирдиктүү Орусия" партиясы алдыга чыгып, 57,54% добуш алды. Андан кийин 13,67% менен Коммунисттик партия (КПРФ) баратат. Орус Боршайкомунун маалыматына караганда, ЛДПР үчүн шайлоочулардын 9,2%, "Новые люди" партиясы үчүн 7,96%, "Адилеттүү Орусия" үчүн 5,16% добуш берген. Шайлоого катышкан башка беш партия 5% босогодон өтө алган жок жана жаңы чакырылышка кирбей калды.

Бул көрсөткүчтөр экзит-полл сурамжылоолорунун жыйынтыгынан бир аз айырмаланат. Орусиянын 69 аймагындагы 1755 шайлоо тилкесинде сурамжылоо жүргүзгөн Бүткүл орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун (ВЦИОМ) маалыматына ылайык, "Бирдиктүү Орусия" 49,4%, КПРФ 14,2%, ЛДПР 10,7%, "Новые люди" 9,7%, "Адилеттүү Орусия" 6,6% добуш алган.

Сурамжылоого катышкандардын 1,5% бюллетендерин атайылап жараксыз кылып салганын билдиришкен.

БШК электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктарын да жарыялады. Расмий маалымат боюнча, мындай ыкма менен 3 миллиондон ашык адам добуш берген. Электрондук добуш берүүдө "Новые люди" партиясы 15% ашуун добуш менен экинчи орунга чыккан. Ал эми "Бирдиктүү Орусиянын" добушу 50% жеткен эмес.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде жүргүзүлгөн экзит-поллдордун жыйынтыгына ылайык, чет өлкөдө жашаган орусиялыктардын арасында эң көп добушту "Новые люди" партиясы алган. Нидерландда партия 57%, Сербияда 63%, Германияда 37%, Чехияда 49%, Францияда 39%, Польшада 50% добуш топтогон.

Бирок бул жыйынтыктар коомдук маанайды толук чагылдырат деп айтууга болбойт. Украинадагы согушту токтотууну жана саясий туткундарды бошотууну ачык талап кылган жападан-жалгыз "Яблоко" шайлоого катыша алган жок. Орусиянын Жогорку соту "автордук укуктарды бузган" жана "чет өлкөдөн каржыланган" деген жүйө менен партиянын тизмесин каттоодон алып койгон. Партия бул айыптоолорду негизсиз жана саясий кысым катары баалаган.

Ошондой эле сот "Яблоко" партиясынан бир мандаттуу округдар боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн шайлоодон четтеткен. Алардын көбүнө "экстремисттик символиканы жайылтуу" беренеси боюнча айыптар коюлган.

Добуш берүү маалында "Яблоко" жана КПРФ партияларынын байкоочуларына да тоскоолдуктар болгону кабарланды. Алардын айрымдарын шайлоо тилкелеринен чыгарууга аракет кылышкан же бюллетендерди саноого катыштырбай коюшкан.

Шайлоо ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар менен коштолду. 20-сентябрда Москвадагы бир катар шайлоо тилкелеринде техникалык мүчүлүштүк деген шылтоо менен шайлоочуларга кагаз бюллетендер берилбей калган. Аларга күтүү же электрондук ыкма менен добуш берүү сунушталган.

Ошондой эле ар кайсы аймактардан байкоочуларды шайлоо тилкелерине киргизбей коюу, аларды кармоо, "айлампа" ыкмасы менен добуш берүү, шайлоочулардын катышуусу тууралуу көрсөткүчтөрдү бурмалоо жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар түшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын Москва убактысы менен 21-сентябрдын таңында жарыялай турганын билдирген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG