Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Сот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон төрт адамды камакта калтырды

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-октябрга чейин камакта калтырганы белгилүү болду. Шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген.

УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов камакта калтырылды.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Калган шектүүлөр анын артынан эле катары менен колго түшүрүлгөн.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG