Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Садыр Жапаров Европа кеңешинин президенти менен жолугушууда санкция маселесин көтөрдү

Антониу Кошта жана Садыр Жапаров.
Антониу Кошта жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту.

“Ынтымак ордо” жолугушууда санкцияларга байланыштуу маселе талкууланганын билдирди.

Садыр Жапаров Батыш жана Европа өлкөлөрү Кыргызстанга каршы жүргүзүп жаткан санкциялык саясатка тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан Европа Биримдигинин (ЕБ) жооптуу расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабастан мындай чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мамлекет башчы быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, ошондой эле Батыш жана европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө да бул маселеге токтолуп, кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугу Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек деген сунуш берди.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.

Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.

Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланышы болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген. (BTo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG