Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Амангелдиев күйүүчү май үчүн Элдик банктан алынган акчанын себебин түшүндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасын кескин жогорулатпай кармап туруу максатында быйыл мунай ташуучуларга Элдик банктан акча берүү себебин түшүндүрдү.

22-сентябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин отурумунда ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ормуз кысыгындагы кырдаалга байланыштуу күйүүчү майдын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлерге алгачкы үч айлык запасы үчүн мамлекеттик бюджеттен акча төлөнүп берилген. Бирок кийинки үч айда бюджетте акча жок болгону үчүн Элдик банктан алып турганбыз. Анын пайыздары бюджеттен төлөнгөн. Бул өз кезегинде көрүлгөн туура кадам болгон. Эгерде азыр күйүүчү майдын баасы 150 сомго чыкчу болсо, ал өзүнүн артынан баарынын баасын көтөрүп кетмек да инфляция 12% чейин чыгып кетмек. Же болбосо таңкыстык жаралмак".

Депутат Уланбек Жаанбаев мамлекеттик бюджеттен быйыл 36 млн доллар жана былтыр 25 млн доллар "Альфа ойл" компаниясына берилген себебин сураган.

Эсептөө палатасы Кыргызстандагы күйүүчү май рыногун камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын октябрында "Альфа ойл" компаниясына (Red Petroleum мунай бекеттери) 25 млн доллар насыя туура эмес берилген деп билдирген.

Күйүүчү май каатчылыгы Кыргызстанда быйыл жаз айларынан тарта катуу курчуду. Өкмөт чет элден кымбат баада импорттолуп келген мунайдын баасын туруктуу кармап туруу үчүн компанияларга бир бааны коюп, айырмасын бюджеттен каржылап келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG