Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Казакстанда Элдик кеңештин курамы бекитилди

Казакстан, Акордо
Казакстан, Акордо

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 22-сентябрда Қазақстан Халық Кеңесі - Элдик кеңештин курамын бекитти. Жаңы конституциялык органга 126 адам кирди. Тизме Акордонун сайтында жарыяланды.

Кеңештин курамына мажилистин мурдагы депутаты Ермурат Бапи, "Казахтелекомдун" башчысы жана санариптик өнүктүрүү боюнча мурдагы министр Багдат Мусин, Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Гажи Гажиев, ошондой эле мажилистин мурдагы депутаттары Едил Жанбыршин, Мурат Абенов жана Геннадий Шиповских кирди.

Казак тили эл аралык коомунун президенти Рауан Кенжеханулы, БУУнун Майыптардын укуктары боюнча комитетинин мүчөсү Ляззат Калтаева, Казакстандын Медиа альянсынын жетекчиси Нуртөрө Жүсүп жана Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин да бар.

Бийликтин планы боюнча Элдик кеңеш калктын кызыкчылыктарынын негизинде коомчулуктун мамлекеттик саясатты калыптандырууга катышуусун камсыздай турган жогорку консультативдик орган деген макам алды.

Мыйзамга ылайык, кеңеш төрт жылдык мөөнөткө түзүлүп, андан кийин анын курамы жаңыланат. Кеңеш ички саясат маселелери боюнча сунуштарды даярдап, мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрө алат, референдум өткөрүүнү сунуштай алат, коомдук талкууларды уюштуруп, коомдук көзөмөлгө катышат.

Токаев Элдик кеңеш түзүүнү 2026-жылдын январында сунуштаган. Жаңы органдын түзүлүшү менен Нурсултан Назарбаевдин бийлиги учурунда түзүлгөн жана этномаданий борборлорду бириктирген Казакстан элинин ассамблеясы ишин токтоткон.

Элдик кеңештин биринчи сессиясы 2026-жылдын 23-24-сентябрында Астанада өтөрү күтүлүүдө.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG