Кыргызстанда сатууга болбойт деген окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков комитеттин 22-сентябрдагы жыйынында билдирди. Ал иш козголгону тууралуу гана кабары бар экенин айтып, кайсыл берене менен тергелип жатканы боюнча маалыматты тактаган жок. Жыйынтыгында китеп маселесин комитет жабык жыйында карап жатат.
“Бул жерде коррупциялык элементтер барбы деген бүдөмүк ой менен бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырдык. Биз бул боюнча кылмыш иши козголгонун уктук. Ошондуктан депутаттар комитеттин жыйынын купуя өткөрсөк”, - деди ал.
Жыйынга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, “Учкун” басмаканасынын жетекчиси Бакытбек Султанов, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Акылбек Намазов жана ички иштер министринин орун басары Эркебей Аширходжаев чакырылган. Укук коргоо органдары козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.
16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айтып чыккан.
Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.
17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.
Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.
Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы 855 млн сомго 4 млн 735 миң 870 окуу-методикалык комплекс басылып чыгарылган.
2026-жылы республикалык бюджеттен окуу материалдарына башта 744 млн сом каралып, кийин дагы 16,2 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Мектептерге анын 2 млн 455 миң 868 даанасы жеткирилди. Ушул күндөрү 1 миллиондон ашуун окуу китептери, жумушчу дептерлер жеткирилет деп күтүлүүдө. (BTo)
Шерине