Өкмөт бул маалыматты текшерип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды. Соңку жылдары эмне себептен окуу китебине байланышкан көйгөй чечилбей жатат?
Салтанат Чубакованын үч баласы Ош шаарындагы мамлекеттик мектепте билим алат. Анын 7-класстагы уулуна болгону төрт китеп берилип, жетишпеген китептерди электрондук форматта окуй турганын айтышкан.
"7-класстагы баламдын китептери жетишпейт экен. Анткени 7-класстар аябай көп экен. Бир балага үч-төрттөн китеп туура келет. Мугалимдер балама төрт китеп берди. Азырынча китептердин электрондук варианттарын ачып пайдаланып жатабыз. Бирок мындан ары балама электрондук вариантын дайыма колдоно бер дей албайм. Анткени балам көп убактысын экранда өткөрүп калат. Ошол үчүн төрт китептен башкасын да таап бергенге аракеттенем", - дейт ал.
Мектептеги окуу китебине байланыштуу көйгөй жалгыз гана Салтанат Чубакованын үй-бүлөсүн түйшүккө салган жок.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуу китептерине байланыштуу маселе кайрадан талкууга түшүп, парламентте дагы көтөрүлдү.
Сөздүн төркүнү өкмөт мамлекеттик “Учкун” басмаканасында гана басылып, мектептерге акысыз таратылат деген китептердин базарларда сатылып жатканына байланыштуу болууда.
Маселе 16-сентябрда парламенттин сессиясында көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарга чыгып кетишин коррупциялык көрүнүш деп шек санап жатат.
"Мектепте окуу китеби жок, бүт окуу китептер базарда жүрөт. Мына бул китеп “Учкун” басмаканасыныкы, бүгүн алдым. Математика, 3-класс. Биз 600 миллион сомду кайсыл жакка бөлүп жатабыз? Базарга сатылсын деп бөлүп жатабызбы? Бул жерде так жазылып турат “сатууга жатпайт” деп. Бүт “Дордойдо” сатылып жүрөт. Бул коррупция. “Учкундан” алып, бирөө сатып жатат муну. А биз “бекер берилсин” деп акчаны бөлүп жатабыз. А тияктан базарга чыгарып жатышат. “Учкун” деп турат. Мөөр, чек, 650 сом деп турат", - деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Буга чейин Агартуу министрлиги быйылкы окуу жылы үчүн китеп басып чыгарууга 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөнүн жарыя кылган.
Бул каражатка мамлекеттик “Учкун” басмаканасы окуу китептерин басып, мектептерге жеткириши керек болчу. Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбасын эскерткен эле.
Мындай билдирүүгө карабастан окуу китептеринин мектептерден мурун базарга чыгып, сатылып жатканын өкмөт териштирмей болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен бул көрүнүштү күч органдары текшерип, укуктук баа берери айтылды.
Ал тапта мектептерде китеп жетишсиздиги ата-энелерди санаага салууда.
"Мекен таануу жок, кыргыз тили жок, орус тили жок экен. Математика, орус адабияты жок экен. 12 жылдык системага өттү, бирок китеп жок. Китептер жок, бардык китеп дүкөндөр ачык, китеп жок", - деди өзүн Феруза деп тааныштырган кыргызстандык жаран.
"Учкун" ачык акционердик директору Бакытбек Султанов маселе коомчулукта катуу талкууланып жаткан маалда мамлекеттик каналдарга мындай комментарий берди:
"Базарда, "Дордойдо", жер алдындагы өтмөктөрдө сатылып жаткан китептерге "Учкундун" эч тиешеси жок. Бир китеп эмес, китептин бир барагын алып чыгып кете албайт. Кайтаруудагы объект. ИИМ, анан УКМК кайтарат. Сканер менен көрсөтүп беришсин, ийне алып чыгып кете албайт. Сырттан эч кандай башка машинелер кирбейт, өзүбүздүн жүк ташуучу машинелер бар, ошолор күчүнүн жетишинче ташыйт. Китеп жүктөлүп атканда боди камералар менен коопсуздук кызматы карап турат ", - деди ал.
Кыргызстанда окуу китептеринин жетишсиздиги жыл сайын көйгөйгө айлынып келет. Буга чейин бул маселеден улам айрым министрлер кызматтан кеткен учур болгон. Өлкө 12 жылдык окуу системасына өтүшү менен программа жаңыланып, жаңы окуу китептерин басып чыгаруу зарылчылыгы жаралды.
Шерине