Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келаткан Алексей Ширшов өзүнүн атынан түзүлгөн фонд боюнча комментарий берди.
Анын видеосу Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун жана калаа мэриясынын Инстаграмдагы баракчаларына жарыяланды. Анда Алексей Ширшов “Ширшов фонду” коомдук фонду жана Караколго берген жардамы тууралуу айткан.
“Репутацияны калыбына келтирүүнүн башка жеңил жолдору бар. Мүмкүн, жардам бергенге убакыт келгендир. Экинчиден, менин жубайым бул жерден (ред: Каракол)”, - деди ал.
Ал “Ширшов фондун” өзү каржылай турганын жана саясатка байланыштуу амбициясы жок экенин кошумчалады.
Алексей Ширшов муну менен биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыгып жатат. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан.
Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген аталыш менен коомдук фонд ачылган. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, аны ушул жылдын 2-июнунда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы каттаган. Фонддун башкаруучусу Ширшов Алексей Юрьевич экени көрсөтүлгөн. Ал фонд Каракол шаарын өнүктүрүүгө каражат бөлгөнү айтылган.
Акыркы жылдары Ширшовдун аты Кыргызстанда көп аталып, талкууланып жатат. Быйыл февраль айында ал “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө катышкан. Президент Садыр Жапаров ГЭСтин курулушуна байланыштуу Кыргызстан менен “Русгидронун” ортосундагы маселени чечүүгө Алексей Ширшов жардам берип жатканын билдирген.
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Талантбек Иманов 2026-жылдын март айында Каракол шаарынын мэри болуп дайындалган. Анын Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан. Талантбек Иманов аны четке кагып келаткан. (BTo)
Шерине