Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Украинада Орусиянын жапырт чабуулунан эки адам каза болду, Зеленский АКШга барды

Днепр аймагы. Орусия Украинаны дээрлик беш жылдан бери күн сайын куралдын түрлөрү менен аткылап келатат.
Днепр аймагы. Орусия Украинаны дээрлик беш жылдан бери күн сайын куралдын түрлөрү менен аткылап келатат.

22-сентябрга караган түнү Орусия Украинага кайрадан жапырт чабуул жасады. Днепр шаарында соккудан кеминде эки киши каза болуп, алты адам жараат алды. Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын айтымында, зыянга учураган ишкананын урандыларынын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, орус күчтөрү Днепр, Кривой Рог жана Павлоград шаарларындагы өнөр жай объектилерин аткылады. Кривой Рогго баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен сокку урулганы кабарланды.

Ошол эле түнү Киевге да чабуул жасалып, төрт адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, Днепр районундагы беш кабаттуу турак үйгө тийген соккудан өрт чыгып, имараттын биринчи кабаты жана фасады жабыркады. Куткаруучулар 15 адамды эвакуациялашкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул эле күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Ал АКШда дүйнөлүк лидерлер, америкалык саясатчылар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен 20га жакын жолугушуу өткөрөрүн билдирди. Зеленский Украина үчүн абадан коргонуу системаларын күчөтүү жана кошумча каржылык колдоо алуу негизги максаттардын бири экенин белгиледи.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG