Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 22-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды.
Тармактык комитет кабыл алган чечим эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан өлкө жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)
Шерине