Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда мектептерди окуу китептери, жумушчу дептерлер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү.
“Ынтымак ордонун” маалыматына ылайык, 2025-жылы 855 млн сомго 4 млн 735 миң 870 түзгөн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылган.
2026-жылы республикалык бюджеттен окуу материалдарына башта 744 млн сом каралып, кийин дагы 16,2 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Мектептерге анын 2 млн 455 миң 868 даанасы жеткирилди. Ушул күндөрү 1 млндон ашуун окуу китептери, жумушчу дептерлер жеткирилет деп күтүлүүдө.
“Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу экенин баса белгилеп, өлкө базарларында окуу куралдарынын эркин сатылып жатканы аныкталган жагдай боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча катаал чаралар көрүлөрүн кошумчалады”, - деп билдирди өкмөт.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.
16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айтып чыккан.
Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.
17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.
Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлады.
Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган.
Социалдык тармактарда жаңы басылып чыккан китептердин маани-мазмуну боюнча да сын-пикирлер айтылууда. Айрым ата-энелер китептердеги тапшырмалар түшүнүксүз экенин, сүйлөмдөр татаал түзүлүп, ката кеткен учурлар да бар экенин жазышууда. (BTo)
Шерине