Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Президент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдү

Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасында.
Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасында.

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка жооптуу жетекчилер аз убакыттын ичинде жыйынтык көрсөтүшү керектигин, эгер мамлекеттик “Учкун” ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкө ичиндеги талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл экенин кошумчалады.

“Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл. Ар бир ата-эне өз баласы окуган мектепте кайсы китептен канча нуска жетпей жатканын жана ал качан келерин билиши керек”, - деп кошумчалады Аскат Алагөзов.

Мындан тышкары мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча да текшерүү башталганын, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирди.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарда сатылып атканын айтып чыккан.

Буга удаа эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.

Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылганын кабарлады. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG