18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотуна камакта жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев келди.
Ал “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып депутат болуп иштеп турганда дагы бир кесиптеши менен АКШнын Филадельфия шаарында Тилекмат Кудайберген уулу менен жолукканын айтты.
“Эсимде жок бирок кайсы бир жылы мени тергөөгө чакырып “жолуккан экенсиңер (ред: Тилекмат Кудайберген уулу менен), эмне болгон?” деген суроолорду берген”, - деди ал.
Тилекмат Кудайберген уулу сот башталганга чейин кыскача комментарий берип, ден соолугу канааттандырарлык экенин, тергөө анын ишине тиешеси бар да, тиешеси жок да адамдарды суракка алганын билдирди.
Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.
Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп, ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.
Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына келген. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен өзүн полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ал бөгөт чара уланып келатат. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган. (BTo/DSh)
Шерине