Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Тилекмат Кудайберген уулунун иши талкууланды

Учурда абакта жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулу.
Учурда абакта жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулу.

Freedom Now эл аралык укук коргоо уюму кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) ишин адамды чет мамлекеттен күч менен кармап келүүнүн мисалы катары атады.

Уюмдун өкүлдөрү бул тууралуу 15-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин 63-сессиясынын алкагында Негизсиз кармоо боюнча жумуш тобуна жасаган билдирүүсүндө айтты. Бул күнү топ өзүнүн жылдык баяндамасын кеңешке сунуштаган.

Freedom Now уюмунун маалыматына караганда, коррупцияга каршы жана экологиялык маселелер боюнча активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши учурда Улуттар Уюмунун жумуш тобунун кароосунда турат.

Уюм белгилегендей, Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) паспорту жоголгонуна байланыштуу полицияга кайрылганда кармалып, расмий экстрадиция жол-жобосу жүргүзүлбөстөн Кыргызстанга күч менен өткөрүлүп берилген. Ал 2024-жылдын ноябрында Кыргызстанда камакка алынган.

Freedom Now уюмунун эсебинде, жаңы технологиялар бийлик органдарына чет өлкөдө жүргөн оппозициячыл активисттерге, ошондой эле алардын жакындары менен өнөктөштөрүнө басым көрсөтүүнү жеңилдетүүдө.

Укук коргоочулар БУУнун жумуш тобун мекенинен тыш жерде өз бийлигинен куугунтук көргөн учурларды документтештирүүнү улантууга чакырды. Ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттер мындай аракеттерди алдын алып, иликтеп, аларга көмөк көрсөтүүдөн баш тартышы керектигин белгиледи.

Билдирүүдө кыргыз бийлигинин Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу позициясы келтирилген эмес.

2022-жылы Кудайберген уулу Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары отуздай кишини кармаган маалда ал Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстан аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган делген мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн ал Дубай шаарына барган.

Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен полициянын колуна түшкөнүн жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Активисттин иши быйыл февралда сотко өткөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Массалык башаламандыктар”, “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген төрт беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин мурдатан эле айтып келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG