Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Агартуу министри менчик мектептер алган китептер дарегине жетип жатканы боюнча маселе көтөрдү

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Учкун” ачык акционердик коому менчик мектептерге басып чыгарып берип жаткан окуу китептери мектептердин өзүнө жетип жатканы боюнча маселе көтөрдү.

Бул тууралуу ал 17-сентябрда мамлекеттик билим берүү уюмдарында китептердин жетишсиздиги жана базарларда сатылып жаткан китептерге байланыштуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

“Жер өтмөктөрдө сатылып жаткан китептерди эч ким иликтеген жок да. “Менчик мектептер 100% алган китебин камсыз кылып жатабы же камсыз кылган жокпу?” деп”, - деди ал.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылганын кабарлады.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда мектептердеги китеп маселеси кеминде үч жылдын ичинде толук чечилерин кошумчалады. Расмий маалыматка ылайык, 2017-жылдан баштап жыл сайын мектептердеги китеп жетишсиздигин жоюу үчүн 120 млн сомдон каражат бөлүнсө, анын 47-50% өздөштүрүлүп турган. Ал эми 2024-жылы 242 млн сом каралып, 84% колдонулган. 2025-жылы 856 млн сом бөлүнүп, 95% өздөштүрүлгөн. 2026-жылдын аягына чейин 1 млрд 344 млн сомго китеп басылып чыгат деп пландалууда.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому да басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарда сатылып атканын айтып чыккан.

Буга удаа эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.

Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG