Бишкекте уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен болсо дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом деп белгиленди. Ал эми облустарда уйдун сулп эти 820-880 сом деп белгиленди. Койдун эти 840-880 сомго чейин деп коюлду. (Облустарда этке коюлган баанын толук тизмеси)
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындай бааны Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекиткенин кабарлады. Мекеме сөз болуп жаткан кызмат малды багуудан тарта базарга чейинки кеткен чыгымдын баасын анализдеп чыгып, ушундай бааны койгонун кошумчалады.
Өлкөдө эт кымбаттап кеткендиктен 2025-жылдын 11-августунан тартып баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилип, белгилүү сумма бекитилген. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт белгиленген баадан кымбат сатылып жатканын жазып келишет.
Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлдөө үчүн бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (BTo)
Шерине