Бишкектин Ленин райондук соту жарандардын “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарынын ачыкка чыгып кетиши боюнча милиция кылмыш ишин козгоодон баш тартышынын мыйзамдуулугун карайт. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына ылайык, соттук отурум 24-сентябрда Ленин райондук сотунда өтөт. Нурбек Токтакунов милиция адамдардын жеке маалыматтарынын социалдык тармактарга жарыяланышына байланышы барларды суракка албаганын кошумчалады.
“Бул окуянын башкы каарманы - Орунбеков. Көрсө, Орунбековдун эч кандай тиешеси жок экен. Анткени ал суракка алынган эмес. Кылмыштын белгилери да жок, себеби тергөөчү өз милдеттерине шалаакы мамиле кылган”, - деди ал.
Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Ал мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.
Дайырбек Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Камчыбек Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.
Постто аты аталган юристтер (анын ичинде Нурбек Токтакунов да бар), укук коргоочулар, активисттер, саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун жазганын кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасында камтылган жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине нааразылык билдиришкен.
Айрымдары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берерин айтышкан. Кийинчерээк Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштаганын билдирген.
“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык азырынча комментарий бере элек. (BTo)
Шерине