Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандан 11 миңдей чет өлкөлүк чыгарылды. Алар мунапыстын негизинде өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетишти. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыров 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр да ушундай эле мунапыстын негизинде 9 миңдей чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгып кеткен.
Жумакадыров ошондой эле Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын кызмат көрсөтүү тармагында иштөөсүнө квота каралбаганын жана мындай ишмердүүлүккө уруксат берилбей турганын билдирди.
"2025-жылы сегиз кишиге уруксат берилип кеткен. Быйыл андай квота каралган эмес, кийинки жылга да жок. Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга такси жана курьер кызматтарын көрсөтүүгө уруксат берилбейт. Учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөрдү аныктап, өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат", - деди Сейтек Жумакадыров.
Айрым депутаттар такси жана курьерлик кызматтарда иштеп жүргөн Индия менен Пакистандын жарандары көп экенин айтышты. Министрдин орун басары алардын мыйзамсыз ишин токтотуу үчүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен биргеликте иштер жүрүп жатканын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, быйыл бул багыттагы иштерге ИИМге 240 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 500-1000дей чет өлкөлүк бар экени, аларды аныктап, өлкөдөн чыгаруу чаралары көрүлүп жатканы айтылды.
Кыргызстанда 2026-жылы сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлгөн.
2027-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота дагы 20 миңге көбөйтүлүп, 120 миңге жеткен.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.
Президент Садыр Жапаров июндун аягында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койгон. Анда 1-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта өлкөдөн чыгып кеткендерге Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузганы үчүн административдик айып пул салынбасы, жарлык миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын санын кыскартууга багытталганы айтылган.
Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. Министрлер кабинети келерки жылдагы квота кайсыл өлкөлөргө кандай бөлүнгөнүн ачыктаган эмес. Кайсыл тармактарга суроо-талап болгону тууралуу дагы маалымат берилбейт.
Эмгек квоталарды бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 104 миң адамды түзгөн. Эч жерде иштебейт деп каттоодо тургандардын саны 39 миңден ашуун болуп, мурдагы жылга салыштырганда 26% азайган.(ZKo)
Шерине