Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 120 миңге көбөйттү

Бишкектин тигүү цехтеринин биринде иштеген Бангладештин жарандары. (Архивдик сүрөт)
Бишкектин тигүү цехтеринин биринде иштеген Бангладештин жарандары. (Архивдик сүрөт)

Өкмөт 2027-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны дагы 20 миңге көбөйтүп, 120 миңге жеткирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жаңы тескемесинде белгиленген. Тоktom.кg сайтындагы маалыматка караганда, тескемеге 7-сентябрда кол коюлган.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган. 2026-жылы сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлгөн.

Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. Министрлер кабинети келерки жылдагы квота кайсыл өлкөлөргө кандай бөлүнгөнүн ачыктаган эмес. Кайсыл тармактарга суроо-талап болгону тууралуу дагы маалымат жок.

Эмгек квоталарды бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) карамагына өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын өзүндө жумушсуздук курч маселе болуп жатканын, чет өлкөгө иш издеп кеткендер көп экенин белгилегендер, социалдык тармактарда талкуулагандар аз эмес.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 104 миң адамды түзгөн. Эч жерде иштебейт деп каттоодо тургандардын саны 39 миңден ашуун болуп, мурдагы жылга салыштырганда 26% азайган.

Буга чейин Кыргызстанда тигүү тармагында иштеп акчасын албай калганына даттанган чет элдиктер болгон. Соңку учурда жол жана үй куруу иштерине чет элдиктер көп тартылууда.

2024-жылы май айында жергиликтүүлөр менен пикир келишпестиктен кийин алардын бир тобу мекенине кайтып, бир катар тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учураган. (КЕ)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG