Бишкектин Ленин райондук соту 15-сентябрда эркин журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызынын ишин кароону улантты. Мамлекеттик эксперттер сотко келген жок. Көз карандысыз эксперт катышып, буга чейинки эксперттик корутунду боюнча бир катар сын-пикирин айтты. Ал мамлекеттик экспертизада айрым сөздөр туура эмес чечмеленгенин белгиледи. Жараянга БУУнун жана башка бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишти.
9-сентябрдагы жараянда Тажибек кызы күбөлөр жана эксперттер суралгандан кийин сүйлөй турганын айтып, сурак берүүдөн баш тартканын анын адвокаты билдирген.
Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган. Журналист ага чейин Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.
25-августта Ленин райондук сотунда ишти кайра кароо боюнча биринчи отурум өткөн. Анда адвокат Ногоев Махабат Тажибек кызына эл аралык The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү сурап, ишти карап жаткан судья Темир Маматов аны канааттандырган эмес. “Адилеттик үчүн” Клуни фондунун (CFJ) сыйлыгы 7-октябрда тапшырылат.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.
Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Шерине