Орусия Украинага кол салгандан берки аралыкта кеминде 258 989 орусиялык аскер согушта көз жумганын, маркумдардын тек-жайын "Би-би-си" орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери ачык маалыматтарга таянып аныктап чыгышты.
Журналисттердин эсеби Орусиядагы мобилизациянын төрт жылдыгына карата чыгарылган. Анда белгиленгендей, акыркы убакта тизмеге 10 миңден ашуун жаңы ысым киргизилген. Адатта айына 5-6 миңдей ысым кошулуп келген.
"Медиазона" бул өсүш каза болгондордун саны кескин көбөйгөнүн билдирбесин, ага Орусия менен Украинанын ортосундагы каза болгон аскерлердин сөөгүн алмашуу боюнча тизмелердин сыртка чыгып кеткен маалыматтарынан алынган жана реестрлер аркылуу тастыкталган ысымдар кошулганын белгиледи.
Ошондой эле 21-сентябрга карата журналисттер Орусия армиясында жана башка күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн дээрлик 7,7 миң офицер каза болгонун тастыкташкан.
Изилдөөчүлөр Орусия тараптын чыныгы жоготуулары келтирилген сандан кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Эксперттер журналисттердин маалыматтары согушта каза болгон орусиялык аскерлердин жалпы санынын болжол менен 45-65 пайызын гана камтышы мүмкүн деп эсептешет.
Би-Би-Си, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу бир ай мурда жарыялаган маалыматында Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон кеминде 241 088 орус аскеринин аты-жөнүн аныкташкан.
Орусиянын бийлиги аскердик жоготуулар боюнча расмий статистиканы жарыялабайт.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Ошол эле жылы күзүндө жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланган.
Шерине