Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Сегиз айда көлдөр жана суу сактагычтардан 101 миң метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн чыгарылган синтетикалык торлор.
Ысык-Көлдөн чыгарылган синтетикалык торлор.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанда көлдөрдө жана суу сактагычтарда 206 рейд өткөрүлүп, 101 миң 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылганын кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө 102 рейд болуп, 40 миң 200 метр синтетикалык тор жана 940 кг таштанды чыгарылган. Соң-Көлдө 24 рейд өткөрүлүп, 15 миң 50 метр синтетикалык тор тазаланган.

Токтогул суу сактагычынан 42 миң 250 метр, Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр жана Киров суу сактагычынан 3550 метр синтетикалык тор чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрель айында тиешелүү кызматтар акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтып, элди табиятты таза кармоого чакырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG