Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

"Куликов" менен соттошкон блогер Айтилек Орозбаев акталганын билдирди

Айтилек Орозбеков
Айтилек Орозбеков

Бишкектин Свердлов райондук соту 22-сентябрда тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековду актады. Бул тууралуу блогер өзү "Азаттыкка" маалымдап, сот аны беш эпизод боюнча толугу менен актаганын айтты:

"Бир жарым жыл соттошуу менен бүгүн толук акталып чыктым", - деди Орозбеков.

Блогердин ишин Свердлов райондук соту быйыл жазында карап, жаңыдан комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалып, кайрадан каралган. Экспертиза "блогердин аракеттеринде улут аралык кастыкты козутуу жок" деген тыянак чыгарып берген.

Мурунку соттук териштирүүлөр учурунда прокуратура блогерге 200 миң сом айып пул салууну соттон сураган.

Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы каналында "Куликов" кофеканасында кыргызча сүйлөгөн кардарлар тейленбесин белгилеп, "кыргыз тилин сыйлабаган кофеканага келбөөгө" чакырган. Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан.

"Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Соңунда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Орозбеков элдешип, компания соттон арызын кайтарып алганы менен, соттук териштирүү уланган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG