Башкы прокуратура Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан, мамлекеттик социалдык буйрутма максаттуу аткарылбаганын аныктады.
Башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2022-2023-жылдары аталган министрлик "А.К." коомдук фонду жана муниципалдык мекеме менен жалпы суммасы 3 млн 737 миң 313 сомду түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алты келишим түзгөн.
"Аталган уюмдардын жооптуу адамдары аткарылган иш-чаралар тууралуу отчетторго атайылап жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды ыйгарып алышкан. Ал эми, министрликтин көзөмөл жана мониторинг үчүн жооптуу кызмат адамдары келишимдердин иш жүзүндө аткарылышын, бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана берилген отчеттордун аныктыгын тийиштүү түрдө текшерген эмес. Натыйжада, майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга багытталган жана максаттуу колдоо көрсөтүү үчүн каралган мамлекеттик бюджеттик каражаттар иш жүзүндө акыркы алуучуларга жетпестен, ыйгарылып кеткен", - деп жазылган маалыматта.
Жыйынтыгында муктаж жарандарга мамлекеттик социалдык жардамдар көрсөтүлгөн эмес.
Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 348-беренеси ("Шалаакылык") менен эки кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга майыптуулугуна жараша 6 миң сомдон 8 миң сомго чейин жөлөк пул берилет. (ZKo)
Шерине