Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Былтыр “кустуризациядан” бюджетке 102 млрд сом түштү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев Кыргызстанда 2025-жылы коомчулукта “кустуризация” деген аталыш менен айтылып келаткан коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 102 млрд сом түшкөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында парламенттин депутаты Медина Кайрылбекованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Сиз айткандай “кустуризация” дейбизби же башка козголгон кылмыш иштеринин негизинде акчалай жана андан сырткары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн баары мамлекетке кайтарылган. Алар соттун чечими менен кайтарылган. Улуттук коопсуздук кызматы өзү экпертиза жүргүзүп же баалоо жүргүзө албайт. Аны мамлекет же жеке ишканалар баалап, эсептелгенден кийин мамлекетке алынган. Калган бардык мүлк соттун чечиминин негизинде мамлекет өткөрүлүп берилген. Акчалай каражаты боюнча айта турган болсом, былтыркы жылдын эсебинен Улуттук коопсуздук кызматы козгогон иштердин негизинде 102 млрд сом бюджетке түшкөн”, - деди ал.

2026-жылдын январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.

Маалыматка ылайык, жемкорлуктан түшкөн акча толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, мамлекет башчынын буйругу менен ар кандай долбоорлорго, инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалып жатат.

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын август айында журналист Али Токтакуновго курган маегинде УКМК жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин айткан. Мамлекет башчы канча мүлк мамлекетке өткөнү, кайра канчага сатылганы ревизия болуп жатканын, андан кийин гана так сумма белгилүү болорун билдирген.

2020-жылдан кийин келген бийликтин тушунда коррупцияга каршы күрөш, мурда-кийин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кенткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иши “кустуризация” деген сөз менен белгилүү болуп калган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG