Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:59

Индияда кылмыш кылган кыргызстандыктар мекенине экстрадицияланат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы келишимдерге ылайык, Индияда жүрүп кылмыш кылган кыргызстандык жарандар мекенине экстрадицияланат. Бул тууралуу аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде депутат Чолпон Эсенаманованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат Индияда оор кылмыш үчүн өлүм жазасы каралганын эскертип, ал жакта кылмыш кылган кыргызстандыктар оор жазага тартылуу коркунучу бар экенин айтты.

Аскер прокурорунун сөзүнө караганда, эки өлкөнүн өз ара келишимине ылайык, алар экстрадицияланат.

"Келишимдеги өз ара аракеттенүү принцибин колдонуп, аларды алып келүүгө аракет кылабыз. Индияда кылмыш кылган болсо да ал биздин жаран. Алып келгенге толук кам көрүшүбүз керек. Индиянын соттору биздин Кылмыш-жаза кодексинин жазасына шайкеш келбесе, баш тартып коюшу мүмкүн. Бирок бизде Тышкы иштер министрлиги бар, өз ара келишим, мамилелерибиз түздөн-түз түзүлүп, аракет кылабыз, көмөк көрсөтөбүз".

Байдылдаев учурда Индияда кылмышка шектелип кармалган кыргызстандык жарандардын так саны тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

Кыргызстандын Индия жана Пакистан менен өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо маселесин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 22-сентябрда карады.

2025-жылга карата маалымат боюнча Кыргызстандын 1660тан ашуун жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканы, алардын 1400гө жакыны Орусияда экени кабарланган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG