Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштады. Ал бул демилгени 22-сентябрда Нью-Йоркто Башкы Ассамблеянын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө көтөрдү.
Президент климаттын өзгөрүшү тоолуу Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө олуттуу таасир этип жатканын белгиледи.
Жапаровдун сөзүнө караганда, Ысык-Көлдүн деңгээли акыркы жылдары 14 метрге төмөндөп, азыр жылына орточо жети сантиметрге кыскарууда. Ал көлгө мурда куйган 101 дарыянын азыр 30га жакыны гана жетип жатканын айтты.
Жапаров Ысык-Көлдүн тагдыры Борбор Азия үчүн маанилүү экологиялык маселе экенин айтып, көлдүн Арал деңизи сыяктуу экологиялык кырсыкка кабылышына жол бербөөгө чакырды.
Президент Кыргызстан трасттык фондго алгачкы салым катары 10 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Жапаров башка мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү да демилгеге кошулууга чакырып, Ысык-Көлдү «жалпы климаттык аманат» катары сыпаттады.
Жапаров Кыргызстанда көлдү коргоо үчүн экологиялык чектөөлөр киргизилип, тазалоо иштери жүрүп жатканын, анын ичинде жаңы технологиялар жана роботтоштурулган жабдуулар колдонулуп жатканын айтты.
Жапаров сөзүндө тоолуу аймактардагы климат маселесине арналган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтөрүн да билдирди. Ал кошумчалагандай, быйыл августта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке саммитти БУУ менен бирге өткөрүү сунушталган.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясы 8-сентябрда Нью-Йоркто ачылган. 22-сентябрда башталган мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан жалпы дебаттар 28-сентябрга чейин уланат. Анда дүйнө лидерлери эл аралык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү жана башка глобалдык маселелер боюнча өз өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришет. Быйылкы сессия «Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу, бардыгы үчүн натыйжалуу иштеген Бириккен Улуттар Уюму» деген темада өтүүдө.
Шерине