Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Кыргыз-кытай чек арасынан өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет

Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптан көрүнүшү. (Архив)
Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптан көрүнүшү. (Архив)

Кытайдагы Күз майрамы жана Кытайдын Улуттук күнү белгиленүүсүнө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттери 25-сентябрдын саат 22:00дон 26-сентябрдын саат 08:00гө чейин жабылат. Ошондой эле 1-октябрдан 4-октябрдын таңына чейин аталган чек ара бекеттери жабык болот. Бул убактарда жарандарды жана транспорт каражаттары мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлбөйт. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG