Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Окуучулардын өлүмүнүн чоо-жайын Агартуу министрлигинин комиссиясы иликтеп жатат

Агартуу министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Агартуу министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда ур-токмоктон каза болгон окуучулардын өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Бул тууралуу министрликтин Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Агартуу министрлигинин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия Чаткалда иштеп жатат.

"Бул кайгылуу окуя тууралуу маалыматтар ошол эле күнү бизге келип түшкөн. Учурда комиссия иштеп жатат. Биз 15-сентябрга чейинки аралыкта он күндүк "Ата энелер декадасын" өткөрүү тапшырмасын бергенбиз. Окуучулардын укуктарын коргоо максатында электрондук күндөлүктө "Коркпо. Билдир" деген функция киргизгенбиз. Бир жылдай сыноодон өткөрдүк. Учурда аны автоматташтырып жатабыз. Эгер бала кандайдыр бир зомбулукка кабылса, укугу бузулса аталган функция аркылуу укук коргоо органдарына кайрыла алышат", -деди Эркимбеков.

17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шек саналып 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүүлөр 17-ноябрга чейин камалды.

18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынан токмок жеп, көз жумган. Бала ооруканага жетпей каза болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган. Шектүүлөр сот чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган. (GE/ZKo)



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG