Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

"Жардам бербей эле түздөп, талкалап жатабыз". Ысык-Көл экосистемасы, адистин пикири

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Соңку кездери Ысык-Көлдүн айланасында ар кандай курулуштар менен коммерциялык долбоорлор кеңири өрүш алганына күбө болуп жатабыз. Туристтик объекттер, “Асман” шаары жана өндүрүштүк долбоорлор көл жээгине чейин кирип барып, токой, жайыт жана айыл чарба жерлерин активдүү иштетүүдө.

Кыргыз өкмөтү жүрүп жаткан бардык процесстер заманбап технологияларды колдонуу менен жасалып жатканына ишендирип келет. Экологдор болсо көлдүн уникалдуу экосистемасы барган сайын бузулуп баратканын, келечектеги кесепети оор болорун айтып коңгуроо кагууда.

“Азаттык” К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, биология илимдеринин доктору, эколог Нурзат Тотубаева менен маек куруп, көлдүн тегерегинде жүрүп жаткан процесстер жана алардын экологияга тийгизген таасири тууралуу адистик пикирин сурады.

- Саламатсызбы, Нурзат айым. Экологдор Ысык-Көлдү назик жана сезимтал экосистема катары айтып келатасыздар. Маегибиздин башында ушул тууралуу бир аз айтып берсеңиз.

Нурзат Тотубаева
Нурзат Тотубаева

- Чындыгында Ысык-Көл уникалдуу экосистемалардын бирине кирет. Себеби көл – жабык экосистема. Анткени суу кирет, бирок сыртка чыкпайт. Демек, бүтүн антропогендик таасирлердин баары тең ошол көлдүн ичинде жылдар бою топтолуп кала берет. Ысык-Көл чындыгында уникалдуу көл, өзүн өзү тазалоо касиети жогору, дүйнөдөгү терең көлдөрдүн арасынан жетинчи орунда турат.

Бийик тоолуу көлдөрдүн көлөмү боюнча экинчи орунда. Экосистемалык ар түрдүүлүгү бай көл. Бул көл ультраолиготрофтуу, тарыхый ошондой болуптур, балырлардын же суунун ичиндеги биологиялык ар түрдүүлүк дээрлик аз. Ошондуктан аябай тунук, таптаза көлдөрдүн катарына кирет. Бирок тегерегиндеги экосистемасы уникалдуу жана аябай назик, ошол себептен табигый, антропогендик таасирлерге көп туруштук бере албаган көлдөрдүн бири.

- Ысык-Көлгө суу агып кирип, кайра агып чыкпай турганын, ошонусу менен уникалдуу экенин айтып кетпедиңизби. Агып кирген суу мурда жүздөй болсо, азыр эми ошолор кескин азайып кетти. Сиздерде кандайдыр бир изилдөөлөр барбы – бул табигый көрүнүшпү же антропогендик таасирден улам ушундай болуп отурабы?

- Мурун жүздөн ашык ар кандай чоң-кичине дарыялар куюп турчу экен. Андан кийин 80 деп токтогонбуз, азыр 30 деп атышат. Мунун сөзсүз түрдө табигый дагы себептери бар. Канат Абдрахматов (ред: - Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти) агай айтып аткандай, сезондук флуктуациялар болот. Бирок антропогендик таасир дагы бар. Анткени көлдүн акваториясында айдоо иштери көп жүргүзүлүп атат. Суу сугатка көп бурулуп кетип жатышы дагы таасирлердин бири.

Курулуштар көлдүн экосистемасына кандай таасир кылат?

- Барган сайын көлгө антропогендик таасир көбөйүп баратат. Ошого көзөмөл кылуу мүмкүнбү? Келечекке божомол жакшы эмес. Соңку кездери курулуштар көбөйүп жатат, болгондо да көлгө тескери таасир кыла тургандары көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Жакында көлгө топурак сүрүп, жээкти кеңейтүү иштерине күбө болдук. Ушундай көрүнүштөрдүн таасири канчалык күчтүү болот жана таасир этүү мөөнөтүн канчалык кыскартат?

- Ысык-Көл чындыгында абдан уникалдуу көл. Дүйнө жүзүндө уникалдуу көлдөр балырланып, сапаты бузулуп, дээрлик кургап калган учурлар да кездешкен. Ошол уникалдуулугу бааланчу. Азыр аябай интенсивдүү колдонуп атабыз. Эгерде мурун көлдүн жээгинен 500 метр аралыгында курулуштарга тыюу салынып, машиналардын кирүүсү чектелген болсо, азыр 100 метр деп кабыл алганбыз.

Маселе ошол 100 метрдин ичине дагы биз таасирди көбөйтүп жатканыбызда. Көл жээктеги буфердик зонанын максаты эмнеде? Максаты – көл өзүн өзү тазалаганга жетишиши керек. Антропогендик таасир болбой койбойт. Аны чектей албайбыз, айыл чарба өнүгүшү керек, тегерегинде жашаган калк тиричилигин өткөрүшү керек. Ошол 500 метрдин ичинде терс таасирлердин баары тең чыпкаланып, тазаланып отуруп көлгө тазаланган суу куюшу керек. Илимий мааниси ошондо.

Анан 100 метр деп санадык. Макул, ошол жүздүн ичин сактасак деле көл ошончолук өзүн өзү тазалаганга мүмкүнчүлүк алмак. Бирок бүгүнкү күндө биз көп илимий изилдөө жүргүзүп, эсептедик – тилекке каршы, ошол 100 метрдин ичинде 14% ар кандай курулуштар менен курулуп атат.

Ысык-Көлдү уникалдуу жана сезимтал дегенибиздин дагы бир себеби – көлүбүздүн бир нече пайызы кумдак. Кумдак жерлерде жер астындагы суулардын корголуу даражасы төмөн болот. Кирдеген суу тазаланбай эле ошол жер астындагы сууга өтүп кетүү коркунучу жогору. Анткени кумдак аймактарда жер астындагы суу корголбогон болот. Биз ошол курулуштардын баарын куруп атабыз, көл бир сезондон эмки сезонго өзүн өзү тазалаганга жетишиши керек. Биз изилдөө жүргүзгөндө бир 10 жылдын ичинде болот го деп болжолдоп жүргөнбүз. Бирок көлдүн айрым алмашуусу аз болгон булуңдары бир-эки жылдын ичинде эле аябай интенсивдүү эвтрофикация процессине дуушар болду.

Эвтрофикация процесси дегенибиз – балырлануу процесси жогорулады. Демек, бул антропогендик таасир жогору дегенди билдирет. Башта ультраолиготрофтуу, биологиялык ар түрдүүлүгү аябай аз болгон суу азыр өтө байып, гүлдөй баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес. Эгерде биз бул процессти токтотпосок, ошол балыр аябай көбөйүп, жээктеги суунун тунуктугу бузулуп, сапаты начарлайт.

Эң коркунучтуусу, эгерде токсин пайда кылуучу балыр көбөйүп кетсе, ошол сууга түшкөн адамдарда ар кандай аллергиялык оорулар пайда болушу мүмкүн. Мындай кесепеттер Европа өлкөлөрүндө көп.

Мисалы, Польшада ошол балырлар максималдуу гүлдөп аткан учурда пляжга түшүүгө болбойт, кооптуу деп ал жерди жаап ташташат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери ошондой терс көрүнүштөрдү, балырланып кеткен процессти токтото албай, чектөө киргизүү менен гана иш алып барып атышат. Америка бизден алдыга өнүгүп, ушундай терс көрүнүштөргө эртерээк дуушар болушкан, алар дагы көл жээктик жерлери менчикке өтүп кетип, курулуш болуп, азыр EPA деген (Environmental Protection Agency – Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги), биздин экология министрлигиндей агенттиги бар.

Америка эли “мамлекетке ошол жерлерди кайтарып алууда начар иштеп атасыңар” деп агенттикти сындап келет. Анткени биз, экологдор, айтып гана кала беребиз, бир эле жол – ошол жерлерди мамлекетке кайтарып, жээктик буфердик зоналарды сакташ керек. Сууга агынды сууну киргизбеш керек. Ошол чектөөлөрдү аткарсак эле көл өзүн өзү тазалай алат. Башка арга жок. Он жыл дебейин, алдыдагы жыйырма жылда көлүбүздүн тунуктуулугу начарлап кетеби деп биз аябай кооптонобуз.


- Ошол суунун ичине топурак сүргөн окуяда Курулуш министрлиги “ал жер саздак болуп кеткен экен, ошону сүрүп жаап, туристтер үчүн шарт түзүп жатат” деген комментарийин берди. Ошондо бул жерде биз балырды сүрүп жаап, табиятка жардам берип атабызбы же аларды өз ордуна коюш керек беле?

- Ысык-Көл суулуу-саздак жерлерге бай дагы аймак. Ошол суулуу-саздак аймактарды коргойбуз деп биз “Рамсар конвенциясына” да киргенбиз. Ал суулуу-саздак аймактар ошол чычырканактар сыяктуу эле сууну тазалап, чыпкалап, өзүнө кармап калган көлдүн тазалыгына аябай чоң жардамы бар аймактар. Биз ал конвенцияга киргенибиздин эсебинен эле эл аралык коомчулуктан астында жоопкерчилигибиз бар. Өзүбүздүн макулдугубузду бергенбиз.

Суулуу-саздак жерлерди ошентип түздөп тазалап атабы деп айтканы аябай туура эмес. Министр, балким, башка нерсени айтам деп айтып алдыбы, билбейм. Бирок, саздак жерлерди сактаганга биз милдеттүүбүз.

Эгерде антропогендик таасирлерден улам балырланып кеткен болсо, аны дагы топурак төгүп түздөп тазалай албайбыз. Тескерисинче, аларга биз шарт түзөбүз. Литоралдык зонада дагы суунун өзүн өзү тазалоо процесстери жүрүп турат. Ал жерде деле өзүнүн жашаган жандыктары бар эле да. Алардын баарын түздөп, талкалап, экосистемага жардам бербей эле, таптакыр өлтүрүп салып атабыз.

Түздөп, жаңы түзүп салып атабыз. Маданий өсүмдүктөр деле аябай мажирөө болот да. Дайыма адам коргоп турганда эле сакталып тура алат, болбосо жашоосу оорлойт. Ошондой эле жээктик (литоралдык) зоналарды куруп атабыз. Муну аябай кооптуу, туура эмес көрүнүш деп эсептейм.

Эң негизгиси биз Ысык-Көл туюк, жабык көл экенин эч качан унутпашыбыз керек. Экосистемасы аябай аялуу, аны биз сактап эле жүрүшүбүз керек. Туура пайдаланышыбыз зарыл.

- Ысык-Көлдүн “Биосфералык аймак жөнүндө” мыйзамы бар. Азыркыдай таасир күчөп бараткан учурда ошол мыйзамдын коргой турган кандайдыр бир кудурети барбы? Же ал мыйзам азыркы курулуштарды жөнгө сала албайбы?

- Ал мыйзам канчалык ишке ашырылып атат? Анткени, эгерде ошол мыйзамга жараша болсо, анда биз... Ошол мыйзамда деле “экосистеманын 30% өзгөртүүсүз калышы керек” деп жазылып турат. Көл жээгине капиталдык курулуш курууга толугу менен тыюу салынган.

“Биосфералык аймак жөнүндө” мыйзамды алсак, көл жээктен эки чакырым аймак биосфералык деп аталган. Жок дегенде ошол 100 метрдин ичин сактап калсак деле жакшы болмок. Өзгөртүүсүз, чычырканак өссө чычырканагы, башка формациялар болсо алар менен сактап калышыбыз керек. Бүт жерди эле түздөп, кум төгүп пляждык зона кыла бергенди табият көтөрө албайт.

Көлдүн экосистемасы балырланып кетет. Мына азыр май болот, май-июндун ортосунда балырлар интенсивдүү гүлдөй баштайт. Застой болгон булуңдарды быйыл да байкаш керек, былтыркыдан азаябы же көбөйөбү. Азыр биз уникалдуу бир тарыхый учурда турабыз деп ойлойм. Биз туура менежмент кылып көлдү ушул тейден таза бойдон сактап калуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы туруп атат.

Анан, антропогендик жүктү көбөйтүп, балырлантып, эвтрофикацияга дуушар кылып, суунун сапатын бузуп алуу ыктымалдыгы дагы жогору.

Мен адис катары эки жолдун ортосунда турганыбызды баамдайм. Биздин чыркырап айтып атканыбыз да ошол. Суунун сапатына да көңүл бөлөлү. Табияттын өзү бизге берген мүмкүнчүлүгүн колдонолу дагы, андан аркы табият өзүн өзү сактап калчу табигый жерлерди сактап калалы. Ал жерде башкача туризмдин түрүн өнүктүрөлү.

Мисалы, баарыбыз эле билебиз, Манжылы аябай ыйык жер дейт, балким, ошондой ыйык жерлерди эс алуучу зона кылып сактап туристтерди чакырсак деле болот. Анда ошондой шарттарды түзбөйлүбү. Биз да жолдорду издейбиз да.

Арал соолуду, Каспий тартылууда. Ысык-Көл эмне болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00

Табият өзүнө алып калган, илимий тил менен 60% дейт, бирок өтө эле аша чаппай, ошол 30% деле сактап калуунун үстүндө иштесек жакшы болмок. Табиятка мүмкүнчүлүк берсек эле көл өзүн өзү тазалайт. Бирок баланстан чыкканда табият башка сценарийдеги өнүгүүсүндө өнүгө берет. Демек, биздин өз тандообуз болушу керек. Бизге ушундай табигый, туптунук, таза көл келген, ошол өнүгүү сценарийи менен кетсек жакшы болмок.

- Көлдүн айланасында, көбүнчө түндүк жээкте курулуштар жээкке өтө жакын кирип барган үчүн жээгиндеги чычырканак жана башка токойлор жок болуп кетип атат. Токойлордун, жан-жаныбарлардын четке сүрүлүп кетиши көлдүн экосистемасынын балансына кандай тасир кылат?

- Ооба, ошол жолдун жээктериндеги чычырканактардын кыйылып атканы аябай кооптуу көрүнүш. Анткени көлдүн табияты аябай акылдуулук менен түзүлгөн экосистема. Көрдүңөрбү, кээ бир жерлерде өзүн чычырканак менен тосуп алган. Ошол чычырканактын тамыры бир нече метрге узун кетип, келаткан сууларды механикалык чыпка катары тосуп, органикалык элементтерге байыган сууларды өзүнө тосуп калып, ары көздөй өткөрбөгөн функцияны аткарат.

Демек, көлдүн экосистемасын карап көрсөңөр, чычырканак бадалдуу аймактары, жайыттар бар. Жайыттар да белгилүү учурда тосуп турат. Анан, адам баласы эс алсын дегени го – кээ бир жерлерди пляж катары калтырган. Биз табияттын мыйзамы менен ошол пляждык зоналарды эле колдонсок аябай жакшы болмок. Чычырканактардын баарын кыйып, көлдүн өзүн өзү тазалоо функциясынын эң орчундуусун жоготуп салып атабыз.

- Жергиликтүү эл тегерек четтеги жан-жаныбарлар дагы сүрүлүп качып атканын айтып атышат. Мындай көрүнүштүн да таасири болобу?

- Сөзсүз түрдө таасир кылат. Анткени чычырканак эле эмес, анда байырлаган бир канча сойлоп жүрүүчүлөр, учуп жүрүүчүлөр бар – алардын баары сүрүлүп кетип, өзүнүн функциясы бузулуп атат. Ар бир системаны өзгөртүү олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет. Биздин эң негизги коркконубуз, ошол экосистеманы жалпы алсак, окумуштуулардын айтымында, ошол экосистеманын белгилүү бир пайызы табият түзгөндөй кылып өзгөртүүсүз калышы керек. Калганын өзгөрткөнгө табият өзү деле мүмкүнчүлүк берип атпайбы.

Негизгиси, ошол баланстан чыгып кетпешибиз керек. Жалпы жонунан алганда азыр ашыгыраак болуп баратат. Ошону азыркы менен токтотуп, мындан ары табигый жерлердин баары тең мыйзам менен аябай корголуп, сакталса көл өзүн өзү тазалай алат. Биз жүз пайыз эле өзгөртүп, жакшынакай жерлердин баарын курулуш кылып алсак, анда өзүн өзү тазалашы кыйын болуп калат.

Жаратылыштын өзүнүн мыйзамдары бар. Иш-аракетибизди ошол мыйзамдарга жараша туураласак эле, табият деле бизге жардам берет. Табият бизге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет, негизи ошол мыйзамдардан чыкпашыбыз керек.

- Биз көбүнчө Ысык-Көл жөнүндө маселе көтөргөндө суунун тартылып баратканын гана айтабыз. Соңку кездери суунун химиялык курамында кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалбайбы?

- Химиялык курамында өзгөрүү жок. Бирок, биологиялык курамы боюнча өзгөрүү бар. Кээ бир балырлардын концентрациясы көбөйүп жатат. Трофикалык деңгээли боюнча (Trophic Level Index) көлдө биологиялык жандыктардын көбөйүп баратканы байкалууда.

Туризм экологиялык тең салмактуулукту бузбашы керек

- Ысык-Көлдө туристтердин, калктын саны көбөйгөн сайын саркынды суу маселеси курчуп барат. Алысыраак жайгашып, жерге сиңгени менен жер астындагы агым менен көлгө кошулуп, суунун курамына таасир кылышы мүмкүн деген кооптонуу айтылып келет. Бул жаатта кандай ойлоруңуз бар?

- Ооба, калктын саны көбөйүп атат, аны биз эч нерсе кыла албайбыз. Бир гана нерсе – бул инженердик илим-билимдин өнүккөн туу чокусунда туруп атпайбызбы, ошол таштанды, агынды сууларды көлдүн ичине түз кирбегендей кылып инженердик курулмаларды куруп, ал сууларды башка бир жерге топтоп сугатка колдонсок болот. Мисалы, көлгө органоген менен байыган суулар зыян боло турган болсо (балырларды өрчүтүп), а бирок биз ошолорду бак-дарактарды, мөмө-жемиштерди сугарууга, өстүрүүгө колдонсок, тескерисинче, жер семирткич сээп атпайбызбы, ошондой кылып колдонсок жакшы болмок.

Бирок, суунун тазалыгын сакташыбыз керек. Элдин агымын туура колдонулган менежмент менен башкарса болот. Ошондо жер, экосистема көтөрө, бага алат. Бирок аны биз туура пайдалансак гана. Эң негизгиси биз көл экосистемасынын өзүнүн тең салмактуулугу бар, ошол балансын туура колдонсок эле ал өзүн тең салмактуу караганга, сактаганга, ошол тегеректеги элди бакканга дагы кудурети жетмек. Бирок, аны аша чаппай, чегинен чыкпай колдонсок жакшы болмок.

- Тең салмактуулуктун чегин айтып калбадыңызбы. Биз көбүнчө тоолуу өлкө катары туризмге ыңгайлашып атабыз. Туризм дегенде биз көбүнчө Ысык-Көлдү элестетебиз. Туристтерди көп чакырып атабыз. Бирок антропогендик көз караштан алганда көлдүн кудурети канчалык туристти көтөрө алат? Кайсы чектен ашкандан кийин көлгө зыян кыла баштайт?

- Туура, белгилүү бир чеги болуш керек. Ошол чекти же норманы туризм тармагындагы адистер санап айтса болот. Бирок мен эколог катары айтат элем, биз сандан сапатка өтсөк. Туризмдин дагы түрлөрү бар да. Туризм десе эле түздөп, цементтеп салып, Батыштын модели менен өнүккөнгө аракет кылып атабыз.

А бирок, Батыш азыр, тескерисинче, экологиялашуу, табиятка жакын болуу деген моделдерге көбүрөөк кызыгып атат. Биз деле жээктерди кайра өзгөртпөй, ошол табиятындагы туризмди өнүктүрсөк, көбүрөөк табиятты баалаган туристтерди чакырсак жакшы болот беле. Биз табигый экосистемасы сакталган көл деген маркадагы туризмди өнүктүрсөк көбүрөөк пайда келет беле деген ой.

“Асман” шаарынын Көлдүн экологиясына таасири кандай болот?

- Азыр Ысык-Көл облусунда жалпысынан 400 миңден ашуун туруктуу калк жашайт. Көл жээгине беш жылдыздуу отелдер, коммерциялык объекттер курулуп жатат. Андан тышкары, бүтүндөй бир “Асман” шаары түшкөнү жатат. Анын өзүндө эле көлдүн калкындай болгон эл жашашы мүмкүн. Шаардын түшүшү көлдүн табиятына кандай таасир кылат?

- Эң негизгиси, түндүк аймактагы жер асты суулардын корголуу даражасына жараша пландаштырсак жакшы болот эле. Эгерде жер асты суулардын корголуу даражасы төмөн болуп, ага карабай кандайдыр бир иштерди пландаштырсак, кийинкиси кандай болуп калат? Эгерде ошондой туура табылса, анда шаарды чыныгы пландаштыргандай, экологиялык талаптар толугу менен аткарылгандай түзсө болот. Бул үчүн азыркы илимибиз дагы, техникабыз дагы, дүйнө жүзүндөгү тажрыйба дагы бар.

Ошол алдыңкы тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Бирок, эгерде азыр биз колдонуп аткан системалар менен болсо, анда маселе кыйын болуп калат го. Анткени, өнүккөн АКШнын деле гүлдөп калган көлдөрүн карасаңар, эч кандай чаралар менен тазалай албай жатышат. Эвтрофикация процесси бир күчкө кирип алса, күрөшүү өтө оор. Ошондой абалга туш болуп калбаш үчүн, аябай ойлонуштуруп, пландаштырып, алдыңкы технологияларды колдонуп, агынды суулар, таштандылардын баары тең кайра иштетилип көлдүн экосистемасын бузбагандай жасашыбыз керек. Бул чоң илимди талап кылган аябай олуттуу жоопкерчилик.

- Биз жакында Ысык-Көлгө барып келдик. “Асман” шаарынын алкагында Чырпыкты менен Тору-Айгырдын ортосуна чоң-чоң курулуштар түшүп баштаптыр. Ошол аймакта унаа жол менен көлдүн ортосу бир топ эле ичке экен, ашып кетсе 400-500 метр чыгат го. Сууга чейин 50-100 метрдей калтырып курулуштарды даярдап жатышат. Айрым жерлеринде суунун так ичине чейин кирип барганын көрдүк. Ошондой курулуштардын көлгө таасири кандай болот?

- Биз тынбай эле айтып келебиз, 100 метр көл жээктик буфердик зонаны сактасак болмок. Негизи курулуштар 500 метрден алыс түшсө көл өзүн өзү тазалап, калыбына келтиргенге жакшы болмок. Ал курулуштар түшүп атат. Биз, окумуштуулар, пикирибизди, өзүбүздүн болжолдонгон маалыматтарыбызды гана айта алабыз.

- Шаар курууда жаңы технологияларды колдонгондо таасирлер бир кыйла азайышы мүмкүн. Бирок, баары бир адам буту, техника, жаңы иш-аракеттер дегендей, жүк кошулуп атпайбы.

- Ооба, жүк кошулуп атат. Эгерде биз суунун сапатына таасир этпеген биогендик элементтерди ичине киргизбей, туура колдонсок эле болду. Анан, өзүн өзү тазалаган формацияларды калтырышыбыз керек, ансыз көл өзүн тазалай албайт. Мисалы, Кытайда 90% ашык көлдөр ушундай эвтрофикацияга дуушар болушканда ар кандай техника менен эки жылда бир жолу суусун толук сордуруп, чыпкалап, кайра турган көлдөрү да бар. Ал эмне деген каражат. Бирок, болбой эле эки жылда балырлары кайра көбөйүп кетет. Бул өзүн өзү жөнгө салып турат да, балырлардын өнүгүп кетпешине бөгөт коюп турган өзүнүн организмдери бар, биз ошолорду өлтүрбөй сактап турушубуз керек. Ошолордун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берсек эле канчалык жүктү көтөрө алат ал. Экосистеманын өзүнүн мыйзамдары бар, ал мыйзамдарга биз баш ийишибиз керек. Анткени биз жаратылыштан чыккан жандыкпыз да. “Жаратылыш жер энебиз” деп эле, анан кайра аны өзгөртүп мыйзамын бузган тентек баладай мамиле кылбашыбыз керек.

- Экологдор көл барган сайын тартылып баратканын айтып келатат. Ар кандай себептери бар – бир жагынан климаттын таасири күчөдү, экинчи жагынан антропогендик таасир артууда. Барган сайын калктын массасы көбөйчү болсо көл саздакка айланып калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Эгерде “Асман” шаары түшсө, чоң-чоң долбоорлор да курулуп жатат – көлдүн келечеги кандай болот, сиздердин божомолуңуздар кандай?

- Ар кандай сезондук динамикасы барбы, суу тартылып атат. Бирок биз эң негизгиси суунун сапатына дагы көңүл бөлүшүбүз керек. Суунун сапаты начарлап кетпегендей иштешибиз керек. Ушундай чоң-чоң курулуштарды түшүрүп жатканда суунун сапатын биринчи орунга коюу зарыл. Анткени бул жерде ушунчалык салым (вложение) болуп туруп, анан суу өзүн өзү тазалай албай, сапаты начарлап кетсе, анда салымдын баары бекер кетпегендей болуш керек. Анткени суу экосистемасынын өзүнүн мыйзамдары бар.

Белгилүү деңгээлге жетип, биогендик элементтер көп келе турган болсо балырлар микроскопикалык организмден өтө тездик менен көбөйөт. Аны башкаруу кыйын болуп калат. Дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн мамлекеттери аны азыркы учурда башкара албай, чектөөчү чараларды колдонуп гана жөнгө салып келатат. Сапатты бир деңгээлде кармаганга күчүбүз жеткендей көлөмдөгү курулуштарды гана курушубуз керек. Анүчүн адистер, жаратылышты коргоо, туризм министрликтери биригип, тыгыз иштешип, жашкы менежмент түзүп алышы зарыл.

Биз, окумуштуулар, өзүбүздүн болжолубузду, байкоолорубузду айтабыз. Биздин байкоолорубуз боюнча байыркы ультраолиготрофтук көл кээ бир жерлерде мезотрофтуу, кээ бир жерлерде эвтрофикациялануу процесстери да байкалып атат. Бир жерди түздөп салуу менен эвтрофикация процессин башкара албайбыз.

Эгерде бүтүн шарттардын баары аткарылып, чыныгы планда айтылгандай экологиялык түзүмдөгү шаар болсо, агынды суунун баарын тең утилизациялоонун заманбап ыкмалары колдонулуп, сууга кирбей алып кеткен шартты түзө алсак, анда келечеги болот. Бирок, эгерде андай болбой, сууга ар кандай агып кирүү болсо, азыркы жүктүн үстүнө дагы жүк кошулуп, абал кичине оор болуп калышы мүмкүн.

- Пландагыдай болсо деп жатасыз. Шаарды куруу жөнүндөгү чечимдер кабыл алынып жатканда экологдордон кандайдыр бир илимий изилдөөлөрүнө таянып атышабы? Илимий чөйрөдөн кандайдыр бир суроо-талаптар болуп жатабы? “Ушул шаар түшсө, объекттер курулса көлгө кандай таасир кылат, көз карашыңарды бергиле” деп сураштыбы?

- Аны, балким, Илимдер академиясынан сурап атышса керек. Биз университеттерде иштеп жүрөбүз да. Биз өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздү гана айтып, бөлүшүп атабыз. Жакында мекемелер аралык комиссия түзүлүп аткан, ошол комиссияга бизди киргизүү боюнча сунуштар келген. Буга чейин тийиштүү органдар берип атса керек. Аны мен так айта албайм.

- Көлдү коргоодо азыркы учурдагы инфратүзүм талапка жооп береби? Кандай кошумча инфратүзүмдүк курулмалар курулушу керек?

- Министрлик деле айтып атпайбы, пансионаттардын сууну тазалоо курулуштары эскирген, көбү иштен чыккан деп атат. Мурун ошол пансионаттардын санынын аздыгы менен көл өзүн өзү тазалаганга мүмкүнчүлүгү жетип жатса, бүгүн алар кескин түрдө көбөйүп кетпедиби. Эски инфратүзүм менен көлдүн суусунун сапатын жөндөй албайбыз го деп ойлойм. Азыр эми алдыңкы заманбап технологияларды колдонуш керек. Таштанды сууларды тазалоо системасын күчөтүшүбүз керек. Антпесе, суунун сапатын камсыздай албайбыз.

- Көлгө кирген суулар барган сайын азайып баратат. Калкка суу керек да, ичүүчү сууну издеген калк аны жер астынан казып алууда. Ар жерден казып, саны да, көлөмү да барган сайын көбөйүүдө. Жер астындагы суунун сордурулушу көлгө да таасир кылабы?

- Сөзсүз түрдө. Анткени, Ысык-Көл жер үстү суулар менен эле эмес, жер асты суулар менен да толукталып турган көл да. Тегерек четинен ошентип казылып атканы да кооптуу көрүнүш. Сиз туура байкадыңыз. Мен айтар элем, уникалдуу биосфералык аймак дедик, бардык жерде эле жер асты сууну казып колдоно берген башка аймактарга берилген мүмкүнчүлүк бул жерде кичине чектелиши керек деп эсептейм. Калкты башка жолдор менен камсыздап, сууну үнөмдөп, сугат системаларын заманбап технологиялар менен сугаргандай кылыш керек.

- Чоң рахмат сизге, Нурзат айым! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Эвтрофикация – көлдө балырлардын ургаалдуу өсүшүнө, суунун сапатынын төмөндөшүнө жана кислороддун таңкыстыгына алып келген биогендик элементтерге (азот, фосфор) баюу процесси. Процесс табигый жана антропогендик багытта жүрүшү мүмкүн. Антропогендик процессте жер семирткичтер, агынды суу жана турмуш-тиричилик калдыктары көлдүн суусуна кошулуп кетет.

Ультраолиготрофтуу (ультра-таза) – суунун таптаза, мөлтүр тунук жана биологиялык кошулмалары эң минималдуу экенин мүнөздөйт. Сууда өсүмдүктөр менен балырларды азыктандыруучу азоттун, фосфордун жана башка элементтердин көлөмү өтө төмөн болот. Азыктандыруучу элементтердин жетишсиздигинен улам көл аз балырлайт жана суу туптунук болот. Ультраолиготрофтуу суу көбүнчө тоолуу көлдөрдө жана түбү кумдак, булактардан куралган көлмөлөрдө болот.

Мезотрофтуу – организмдин, көлдүн же экосистеманын азык заттарды мээлүүн деңгээлде камтышы. Бул олиготрофтук (азык заттарга кедей) жана эвтрофтук (азык заттарга өтө бай) абалдын ортосундагы макам. Мындай көлдөрдө биологиялык өндүрүмдүүлүк орточо деңгээлде болот.

Литоралдык аймак – көлдүн мезгил-мезгили менен кирген кезде суу чайыган, тартылганда кургаган жээктик аймагы. Бул өтө өзгөрүлмө чөйрө, организмдер утур-утур өзгөрүп турган абанын, күндүн жана суунун таасирине ыңгайлашып жашашы керек. Тайыз болгондуктан суу күндүз жарык болуп, өсүмдүктөрдүн өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Азыктын жана абанын жетиштүүлүгүнөн улам литоралда ар түркүн жандыктар менен өсүмдүктөр көп байырлайт. Литоралдык аймакта маанилүү экологиялык процесстер байма-бай жүрүп тургандыктан ал көлдүн эң аярлуу бөлүгү болуп саналат.

Шерине

XS
SM
MD
LG