Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Жапаров санкция салуу укугун БУУга гана берүүнү сунуш кылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУнун баш кеңсесинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөп жатат. 22-сентябрь, 2026-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУнун баш кеңсесинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөп жатат. 22-сентябрь, 2026-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугу Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек деген сунуш киргизди. Ал бул тууралуу 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Жапаров азыр санкция салууну айрым мамлекеттер башка өлкөлөргө саясий жана экономикалык басым жасоонун куралы катары колдонуп жатканын айтты.

«Негизсиз бир тараптуу киргизилген санкциялардын терс таасири жаңыдан бутуна туруп келе жаткан биз сыяктуу чакан өлкөлөргө дагы тийип жатат», - деди ал.

Президенттин айтымында, айрым ири мамлекеттер өз кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү айрым маселелер боюнча «соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда».

Жапаров санкция киргизүү тууралуу чечимдер БУУнун Уставына ылайык, Коопсуздук Кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек деген позициясын билдирди.

«Кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна беришибиз керек», - деди Жапаров.

Ал санкциялык чараларды БУУ алдын ала карап чыгып, алардын гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерине баа бере турган механизм түзүүнү сунуштады. Президенттин сунушуна ылайык, санкция киргизүү демилгесин көтөргөн мамлекет анын укуктук негизин, максатын жана чектөөлөрдү келечекте алып салуунун так шарттарын көрсөтүшү керек. Ошондой эле БУУнун алдында санкцияга мониторинг жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз карап турган бирдиктүү эл аралык механизм түзүлүшү зарыл.

Жапаров БУУнун таасирин күчөтүү зарылдыгын да айтып, азыркы санкцияларды «баланын оюнчугундай эле нерсе болуп калды» деп сыпаттады. Анын пикиринде, БУУ кабыл алган чечимдер аткарылбай калган учурда чаралар бардык мамлекеттерге бирдей колдонулушу керек.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкциялардан тышкары, Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө көмөктөшөт деп эсептелген башка мамлекеттердеги компанияларга да санкция салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга мындай санкциялар биринчи жолу 2023-жылы май айында салынган. Андан бери санкциялык тизмеге кыргызстандык компаниялар жана банктар да кирди. Кыргыз бийлиги санкциялык тобокелдикти азайтуу үчүн жеке компанияларды текшерип жатканын билдирип, кыргыз банктарына киргизилген чектөөлөрдү алып салууга чакырып келет.

2026-жылдын июнуна карата Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына 31 кыргызстандык компания илинген. Алардын арасында банктар да бар. Евробиримдик быйыл «Керемет банк» жана «Капитал банкка» байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизген.

Кыргыз бийлиги өз кезегинде санкциялык тобокелдикке байланыштуу өлкөдө катталган бир катар компаниялардын ишин токтотуп, текшерүүлөрдү күчөткөн.

Быйыл августта Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу жараяны башталарын билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык, бул чечим июнь айынын аягынан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп табылган 40ка жакын компанияны текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG