23-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызынын иши боюнча соттук отурум болбой калды. Адвокат Нурбек Сыдыков буга журналистке айыптоо корутундусун чыгарган эксперттер сотко келбей калганы негиз болгонун, алар ушуну менен экинчи жолу соттук отурумга келбей жатканын айтты. Кийинки жараян 30-сентябрга дайындалды.
Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган. Журналист ага чейин Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.
Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан. (BTo)
Шерине