Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

АКШ-Иран: Согушту басуу тууралуу Трамп менен Пезешкиандын эки башка көз карашы

Иллюстрация
Иллюстрация

Башкы ассамблеянын сессиясы АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу уланып, Ормуз кысыгында абал курчуп турганда өтүүдө. Иран президенти Пезешкиан өз өлкөсү кол салууга туш болгонун айтса, америкалык лидер Дональд Трамп Тегеран сөзгө келбесе, Ислам жумуриятынын "таш-талканын" чыгарарын эскерткен.

БУУнун тарыхында биринчи жолу АКШ менен согушуп жаткан өлкөнүн президенти Башкы ассамблеяга кайрылуу үчүн Нью-Йоркко барды.

Мындан жарым жылдай мурун эле Пезешкиан америкалык жана израилдик аскерлердин соккуларынан жашырынып, өлкөнү бункерден жетектеп турган эле.

Ал Иран жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин, бирок тынч максаттагы өзөктүк программасын чектөөгө эч качан жол бербесин белгиледи.

АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы чабуул баштаганда себептердин бири катары Ирандын атомдук курал иштеп чыгуусун алдын алуу аракетин атаган.

Пезешкиан анын өлкөсү кол салууга туш болгонун, өлкө жетекчилиги жок кылынганын, "террорчулар эместигин, жөн гана коргонушканын", америкалык бомбалардан мектеп окуучулары каза тапканын айтып, балдардын жана мүрзөлөрдүн сүрөттөрүн көрсөттү.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Нью-Йорк. 23-сентябрь, 2026-жыл
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Нью-Йорк. 23-сентябрь, 2026-жыл

17-сентябрда БУУнун атайын миссиясы АКШ 178 кишинин өмүрүн кыйган эки соккусу учурунда согуш кылмышына барган болушу мүмкүн деп айтууга жетиштүү жүйө бар деген тыянакка келген.

Миссия Минаб шаарындагы башталгыч мектепке “Томагавк” канаттуу ракетасы менен абадан сокку урулганын, натыйжада 150дөн ашуун киши, арасында 120 бала каза тапканын белгилеген.

АКШ бийлигинин өкүлдөрү аскердик операцияларда куралдуу жаңжалдардын укуктук нормалары сакталганын жана учурда иликтөө жүрүп жатканын бир нече жолу билдирген.

Отчетто ошондой эле Ирандын өкмөтү декабрь-январь айларында болгон нааразылык акцияларын мурда болуп көрбөгөндөй күч менен басканы, андай аракеттер адамдардын жапырт өлүмүнө жана жараат алышына, камоолорго алып келгени белгиленет.

Трамп: Ноябрдагы шайлоо, Иран менен келишим

Ассамблея ачылган күнү биринчилерден болуп сөз сүйлөгөн АКШнын президенти Дональд Трамп ноябрда Конгресске шайлоо өткөндөн кийин Иран менен тынчтык келишими түзүлөт деп ишенип турганын айтты:

“Мен маанилүү чечими кабыл алышым керек. Иран менен келишимге жетишип, анын аркасы менен мурдагыдан да улуу өлкө курууга шарт түзөбүзбү же Ислам жумуриятын тездик менен жок кылып, адамдарды өлтүрүү жана өлкөлөрдү талкалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратабызбы? Шайлоодон кийин келишим түзөбүз”.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2026-жыл
АКШнын президенти Дональд Трамп. Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2026-жыл

Трамп Иранды ири сокку менен биринчи жолу коркутуп отурган жок. Ошол эле маалда Вашингтон менен Тегеран макулдашууга жакындаганын айтып бир нече жолу чабуул коюу чечимин жокко чыгарган.

Июнда бир нече өлкө кирген арачылар тобунун көмөгү менен Вашингтон менен Тегеран ортосунда ок атышууну 60 күнгө токтотуу макулдашуусуна жетишилген. Бул мөөнөттүн аягына чейин тынчтык келишими түзүлөт деген шарт айтылганы менен, тараптар мунасага келе албай, соккулар жанданган.

"Ирандын эли намыстуу"

Шейшембиде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштаган делегация Ак үйдүн чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен ортомчулар аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү белгилүү болду.

Уиткофф талкуулардын бул айлампасын "конструктивдүү болот" деп ишенерин жазды.

Бир нече күндөн бери Ирандын да АКШнын да расмий адамдарынан эки өлкөнүн өкүлдөрү Нью-Йоркто Башкы ассамблея учурунда жолугушушу мүмкүн деген ишараттар түшүп жатты. Андыктан кездешүү тууралуу жаңылык анча деле таң калычтуу болгон жок.

Арийне катаал саясатты жактаган Тегерандагы күчтөр Пезешкиандын өкмөтүн катуу сындоого киришти. Айрымдар атүгүл импичмент жарыялоо талабын кабыргасынан койду.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу сөз болгон кездешүүнү алдын ала жактырган болушу керек. Корпустун өкүлү мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөгөндө сүйлөшүүлөр «согуштун дагы бир өңүтү», «өлкөнүн кызыкчылыгына төп келсе», аларды жүргүзүш керек деп айтты.

Социалдык тармактарда да катаал саясаттын тарапташтары жети айдан бери тынчыбай келаткан согушту токтотуу үчүн америкалыктар менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга макул болду деп өкмөттү катуу сындашууда.

Импичмент жараянын баштоого чакыргандар кызматтан Аракчи же Пезешкианды алууну көздөшөрү да түшүнксүз.

Колдонуучунун бири АКШ менен сүйлөшүү президенттин Нью-Йоркко баруусуна да караганда «чоң ката» болгонун жазды.

«Америкалыктарга жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн киши болсо ошол жакта калсын. Иран эли намыстуу», - деп жазды мурдагы администрацияда расмий кызмат ээлеп келген экономист Вахид Азизи.

Иран авикомпанияларына салынган санкция

Пезешкиан Нью-Йоркко Ashianeh аттуу анча таанылбаган авиакомпаниянын учагы менен барды. Эмне дегенде, 8-сентябрда Кошмо Штаттар Ирандын авиация тармагына киргизилген санкцияларды кеңейтип, “кара тизмеге” 27 авиакомпания камтылган. Алар коммерциялык рейстерди аткарган жана расмий адамдарды ташыгандар.

АКШнын санкциясына кабылган Mahan Airlines авиакомпаниясынын учагы.
АКШнын санкциясына кабылган Mahan Airlines авиакомпаниясынын учагы.

Бирок Ashianeh туруктуу рейстерди аткарбайт жана билет сатпайт. Сыягы алар санкциялык тизмеге илинген эмес.

23-сентябрда ирандык авиакомпаниялардын бир нече рейси аткарылбай калды. Тегерандагы туристтик агенттиктин кызматкери AFP агенттигине маалымдагандай, Багдад, Маскат, Катар, Грузия жана Азербайжан багытындагы учуулар үзгүлтүккө учурады. Ошол эле маалда Кытай жана Түркия багытындагы рейстер кадимкидей аткарылып жатты.

Тиешелүү чаралар тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент дүйшөмбү күнү жарыялап, “кара тизмедеги” компанияларды тейлеген өлкөлөр менен компаниялар санкцияларга туш болорун эскерткен.

Буга карабай жазалоочу чаралар күчүнө киргенден кийин Ирандын ири Mahan Air компаниясынын учагы Гуанчжоу шаарына бет алды. Кытай АКШнын чаралары менен макул эместигин билдирди.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG