Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Түрк: Минабдагы мектепке урулган соккуну жакшылап иликтөө зарыл

Минабдагы мектепте каза болгондорду жерге берүү зыйнаты. Иран, март 2026-жыл
Минабдагы мектепте каза болгондорду жерге берүү зыйнаты. Иран, март 2026-жыл

27-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк куралдуу жаңжалдар маалында балдарды жана билим берүү мекемелерин коргоого, аларга зыян келтирбөөгө чакырды.

Адам укуктары кеңешине жасаган кайрылуусунда ал Ирандын Минаб шаарындагы башталгыч мектепке жасалган соккуну сөз кылды. Окуу жайда 28-февралда 168 окуучу, мугалимдер, кызматкерлер жана үй-бүлө мүчөлөрү каза тапканы кабарланган.

“Бомбаланган класстардын жана кайгыга баткан ата-энелердин сүрөттөрү согуштун азабын жаңжалга жеткирген чечимдерге эч кандай таасир эте албаган карапайым кишилер эң көп тартканын даана көрсөтүп турат”, - деп айтты Түрк.

БУУнун өкүлү согуш жүргүзүү мыйзамдарына ылайык, балдарды жана жайкын элди, мектептер менен жарандык инфраструктураны коргоо керек экенин эске салды.

Жогорку комиссардын айтымында, Минабдагы соккунун “чоо-жайын аныктоо, жоопко тартуу базасын түзүү үчүн ар тараптуу, дыкат, ачык териштирүү жүргүзүү жоопкерчилиги чабуул койгондорго жүктөлөт”.

АКШ окуяны иликтөөнү улантып жатат. Баштапкы тергөө ал үчүн америкалык аскерлер жооптуу деген бүтүмгө келген.

Адилеттүүлүк орношу керек деп белгилеген Түрк калк жашаган аймактарды аткылоого жол бербөөгө үндөдү.

“Иранда АКШ менен Израил эл жыш жашаган райондорго соккулар барган сайын көбүрөөк урулуп, жарандык инфраструктура талкаланып жатат”, - деп билдирди комиссар.

Ал турак үйлөргө, мектептерге, кемелерге, транспорт системасына, энергетикалык жайларга сокку урулганын айтып, Иран бийлигинин маалыматына таянып, 1900 тынч тургун каза тапканын, он миңдеген адам жарадар болгонун кошумчалады.

Түрк бардык тараптарды эскалацияны токтотууга жана сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG