Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Украинанын соккусу Орусиянын мунай экспортун «олуттуу коркунучка» кептеди

Дрон соккусунан кийин Усть-Луга портунда тутанган өрт. 25-март, 2026-жыл.
Дрон соккусунан кийин Усть-Луга портунда тутанган өрт. 25-март, 2026-жыл.

Украинанын армиясы бир нече күндөн бери Орусиянын Ленинград облусундагы портторго жана мунай иштетүүчү заводдорго сокку уруп жатат. Аналитиктердин эсебинде согуш башталгандан бери Орусиянын мунай экспорту үчүн «эң олуттуу коркунучту» жаралды.

Чабуулдар 23-мартта Приморск портуна дрон соккусу менен башталды. Эки күндөн кийин Усть-Луга порту сыяктуу дагы бир маанилүү мунай экспорттук терминалга сокку урулду.

26-мартта болсо Орусиядагы ири мунай иштетүүчү заводдордун бири Кириши районунда бутага алынды.

Облус губернатору Александр Дрозденко өзүнүн Telegram каналы аркылуу чабуулдар тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турду. Ал алгачкы эки күндө өрт чыкканын, ал эми Кириши районундгы акыркы окуяда «өнөр жай аймагына зыян келтирилгенин» жазды.

Соңку күндөрү Ирандагы жаңжалдан улам дүйнөдө мунайдын баасы кескин көтөрүлүп кетти. Көз карандысыз аналитиктердин айтымында, Орусия мына ушул жагдайдан пайдаланып мунайдан киреше табууга аракет көрүп жаткан чакта украин армиясынын соккуларына кабылууда.

«Украин армиясы соккулардын убактысын жана багытын абдан так тандап алган экен. Күтүүсүздөн «алтын жамгырдай» киреше пайда болгон учурда Орусия экспортту көбөйтүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрүп жатат. Дал ушул жерде украин күчтөрү бул пландарга кийлигишип, сокку урду. Башкача айтканда, кыска мөөнөттүү таасири, албетте, абдан күчтүү болот» - деди энергетика боюнча аналитик Борис Аронштейн 26-мартта «Настоящее Время» каналына курган маегинде.

Орусиянын мунай экспортундагы үзгүлтүк

25-мартта Reuters агенттиги Орусиянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн 40% токтогонун жазган. Маалыматка караганда, бул «Орусия соңку тарыхындагы мунай жеткирүүдөгү эң олуттуу үзгүлтүккө учурады».

Аронштейндин эсебинде бул көрсөткүч чындыгында 50% жакын болушу мүмкүн.

Reuters агенттигинин аналитикасына караганда, экспорттун азайышына Ленинград облусуна жасалган соккулар гана жалгыз себеп эмес. Буга чейин Кара деңиздеги Новороссийск портуна коюлган чабуул да түрткү болду. Ошондой эле Дружба мунай куурунун иштебей турат. Андан тышкары буга «көмүскө флотко» тиешелүү орус танкерлеринин кармалышы да түрткү болгондой.

25-мартта Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер билдиргендей, Падышалык деңиз флоту да «көмүскө флотко» тиешелүү танкерлерди кармай баштарын билдирди.

Ага чейин АКШ, Франция, Финляндия, Швеция жана Эстония тарабынан атайын кармоолор жүргүзүлөт.

«Көмүскө флотко каршы дагы катуу чара көрүшүбүз керек», - деди Стармер Хельсинкидеги дипломатиялык жолугушууда.

Ошол эле жыйынга видео аркылуу катышкан Владимир Зеленский европалык өлкөлөрдү орус танкерлериндеги мунайды конфискациялоого чакырды.

Кара деңизде дагы айрым танкерлер украиналык дрондордун чабуулуна кабылган. 26-мартта Стамбулга жакын аймакта орус мунайын ташыган танкерге дрон менен сокку урулган.

«Жакында Орусиядан чыккан, чет өлкөлүк желек астында жүргөн жана түрк компаниясы иштеткен кеменин кыймылдаткыч бөлүгүндө жарылуу болду. Биз бул жарылуу учкучсуз суу алдындагы аппараттан улам болгон деп шектенип жатабыз», - деди Түркиянын транспорт министри Абдулкадыр Уралоглу жергиликтүү 24TV каналына.

Узак мөөнөттүү зыянбы?

Ленинград облусундагы акыркы чабуулдар Орусиянын мунай экспорттук инфраструктурасын канча убакытка чейин иштен чыгарары азырынча белгисиз.

«Биз билген маалыматтар боюнча эки портто тең терминалдар жана айрыкча мунай сактоочу жайлар олуттуу жабыркаган. Приморск портунда да, Усть-Луга портунда да бир нече резервуар өрттөнгөн», - деди аскердик аналитик Ян Матвеев «Настоящее Время» телеканалына курган маегинде.

Мындай чабуулдардын таасири канчага созулушу мүмкүн экенине окшош мисал бар. Ноябрда украин армиясы дрондор менен Новороссийск портунун жээгиндеги мунай жүктөөчү объектке сокку урган. Порт толук январдын аягында гана ишин жанданткан.

Украин жетекчилери билдиргендей, Дружба мунай кууру январь айында Орусиянын чабуулунан жабыркагандан бери иштебей турат. Ал Венгрия менен Словакияга мунай жеткирүү үчүн колдонулуп келген. Украинанын соккулары Каспий деңизиндеги мунай объектилерин да бутага алган.

CREA (Energy and Clean Air изилдөө борбору) деген эл аралык аналитикалык уюмдун маалыматына ылайык, Приморск порту, Усть-Луга порту жана Новороссийск порту акыркы беш күндө таптакыр мунай жүктөгөн эмес.

«Орусия буга чейин жабыркаган мунай иштетүүчү заводдорду бир нече жуманын ичинде калыбына келтире алган. Бирок Украинанын улам кайталанган дрон чабуулдарына байланыштуу калыбына келтирүү мөөнөтү да жайлады», - деди CREА уюмунун аналитиги Айзек Леви «Эркин Европа/ Азаттык» радиосуна.

Мунай кымбаттаса Орусия канчалык пайда көрөт?

CREAнын эсептөөлөрүнө ылайык, АКШ–Израил менен Ирандын ортосундагы согуш башталгандан кийинки 24 күндө Орусиянын күнүмдүк мунай кирешеси февралдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 20% өскөн.

26-мартта Москвада энергетика маселелери боюнча сүйлөп жатып, Орусиянын вице-премьери Александр Новак украиналык соккулар жана танкерлердин кармалышы мунай экспортуна канчалык таасир эткенин түз айткан жок.

Бирок ал Орусия мунай экспорттоо үчүн «ар кандай маршруттарга» ээ экенин белгилеп, Чыгыш Сибирь – Тынч океан мунай кууру жана Сковородино – Мохэ мунай куурун мисал келтирди. Бул маршруттар Кытайга мунай жеткирет.

«Бизде мындай дагы мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аларды колдонобуз», - деп кошумчалады ал.

Кытай деңиз аркылуу жеткирилген орус мунайынын негизги импорттоочуларынын бири.

Бирок ал чоң көлөмдөгү мунайды кабыл ала албайт. Өлкө акыркы айларда эле мунай запастарын активдүү топтоп келген, ошондой эле Сары деңиздеги кытай портторунун жанында орус жана иран мунайы жүктөлгөн танкерлер токтоп турат.

Айрым аналитиктер Орусия мунай баасынын өсүшүнөн канчалык пайда көрө алары күмөн экенин белгилешет.

«Согуштан улам айына болжол менен 5 миллиард долларды түзгөн мунайдын кирешеси январь–февраль айларында эле 40 миллиард долларга чыккан бюджеттик тартыштыкты жапканга жетпеген убактылуу чара гана», - деп жазды Агата Демаре 24-мартта Европалык тышкы байланыштар кеңеши үчүн жасаган анализинде.

«12 жылдан ашкан санкциялардан кийин Москванын мунай инфраструктурасы эскирип жатат, кошумча мүмкүнчүлүк суткасына болгону 300 миң баррелди түзөт. Бул Перс булуңунда жоголгон 10–15 миллион баррелди компенсациялоого жетишсиз. Согуш канчага созулары белгисиз болгондуктан, орус мунай компаниялары жакын арада инвестицияны көбөйтпөйт. Ал эми Украинанын дрон чабуулдары, азыр Каспий деңизине чейин жетип, кырдаалды дагы татаалдаштырып жатат», - деп кошумчалады ал.


Шерине

XS
SM
MD
LG