Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

"Адвокаттарга мүмкүнчүлүк берилген жок". Иранда дагы он адам дарга асылабы?

Тегерандагы нааразылык акциясы. 8-январь 2026-жыл
Тегерандагы нааразылык акциясы. 8-январь 2026-жыл

Ирандын Исфахан шаарында январдагы демонстрацияларда кармалган дагы эки киши дарга асылды. Калаада 28-июлда каршылык акциялары өткөнү социалдык тармактарда маалымдалды. Иранда өлүм жазасына тартуу барган сайын көбөйүп жатат.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары 28-июлда жазганына караганда, Аболфазл Сепахи Бажани жана Амирхоссейн Сафари Хоссейнабади январдагы нааразылык акцияларына байланыштуу Исфахан шаарында дарга асылды.

Медиа алар 8-январда Алихани аянтында “полициянын төрт кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси болгонун”, тартип коргоочуларды “жарадар кылганын жана аларга өрт койгонун” маалымдады.

Соттук териштирүүнүн чоо-жайы, айыпталгандардын адвокаттары болуп болбогонун, алар коюлган кинени кандай шартта моюнга алганын көз карандысыз булактардан аныктоо мүмкүн эмес.

Соцтармактарда тараган видеолордо 28-июлда Исфаханда өлүм жазасы ишке ашырылган жерге жакын көчөгө эл чогулганын, “Ар-намысыңар жок!” деп ураан чакырганын көрүүгө болот. Ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү байкалат. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары полиция менен акцияга чыккандар кагылыша кеткенин, калаада интернет үзгүлтүккө учураганын жазышты.

“Азаттык” радиосу бул видеолорду жана маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшере алган жок.

Сөз болгон эки кишини дарга асуунун алдында БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Маи Сато уюмдун эксперттери Тегеранды Исфахандагы иш боюнча айыпталган дагы 10 кишини өлүмгө тартууну токтотууга чакырган.

Өспүрүм курагында же 20 жаштын кырындагы 12 киши жабык сотто тобу менен өлүм жазасына өкүм кылынган.

Экөө - Гул Мохаммад Мохаммади жана Эрфан Эсфандияри 19-июлда дарга асылган.

БУУнун эксперттери адилет сот стандарттары сакталбаганын, өкүм күнөөнү мамлекеттик телеканалдын камералары алдында күчтөп моюнга алдырган көрсөтмөлөргө негизделгенин жана ар биринин жеке жоопкерчилиги бөлүнүп каралбаганын билдирген.

Укук коргоочу уюмдар Иранда согуш башталган 28-февралдан бери саясий туткундарды – демонстрациялардын катышуучуларынан баштап тыюу салынган уюмдун мүчөсү, тыңчылык кылган делген кишилерге чейин өлүмгө тартуу көбөйгөнүн белгилешет.

Активисттердин айтымында, муну менен бийлик эл арасында коркуу сезимин пайда кылууну жана диниятчылар башкаруусун бейпайга салган жыл башындагыдай жапырт нааразылык акцияларынын кайталанышын алдын алууну көздөйт.

Өлкөнүн булуң-бурчундагы аймактарды кучагына алган январдагы демонстрациялар 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери бийликке чоң коркунуч жараткан. Укук коргоочу уюмдар маалымдагандай, бийлик күч колдонгондо миңдеген киши каза тапкан, ондогону дарга асылды, дагы бир тобу өкүмдүн аткарылышын күтүп жатат.

Шахада аянтындагы окуя

8-январга караган түнү Исфаханда өкмөткө каршы акциялар учурунда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун полковниги Аббас Камрани набыт болгон.

Бир нече айдан кийин анын өлүмүнө байланыштуу 16 кишиге "кудайга акаарат келтирүү" айыбы тагылды.

"Мамлекеттик мүлктү бүлдүрүүгө шыкактаган, Ислам жумуриятына каршы кутум уюштурган жана үгүттөгөн" деп айыпталгандар өкүмдү күтүп жатышат.

“Фарда” радиосунун булактары маалымдагандай, бийлик сурак учурунда күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн кыйноо колдонгон жана айыпталгандар өлүм жазасына тартылышы ыктымал деген кооптонуу айтылууда.

Прокуратура кармалгандар Камранинин өлүмү үчүн жооптуу деген бүтүмгө келгени менен алар "кудайга акаарат келтирүү" үчүн күнөөлөндү. Асыресе, Шахада аянтына жакын тилкедеги бут кийим дүкөнүнөн анча алыс эмес жерде Молотов коктейлин жасаган деген күнөө тагылган.

Бул ишти кылмыш соту эмес, революциялык сот карап жатат. Сөз болгон сот чуулгандуу саясий иштер менен алектенет жана кадимки сотторго караганда регламенттерге баш ийбеген, катаал деп эсептелет.

Исфаханда соттолуп жаткан Таранех жана Ромина Рахими
Исфаханда соттолуп жаткан Таранех жана Ромина Рахими

Айыпталгандардын арасында дүкөндүн ээси, 29 жаштагы Милад Буэйри бар. Калгандары дүкөндүн кызматкерлери же айланадагы башка соода түйүндөрүндө иштегендер жана алардын жакындары. Күнөөлөнүп жаткандардын көбү, катарында Таранех жана Ромина Рахими аттуу эгиздер 23 жашка толо элек.

Исфаханда жайгашкан Дастгерд жана Довлатабад абактарында жалгыз камераларда кармалып жаткан 16 айыпталуучунун адвокаттары бар болгону менен аларга иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Булактар “Фарда” радиосуна айтып бергендей, эки адвокат сот учурунда коргоп жаткан кишилерге каршы билдирүү жасады.

23-июлда чет жакта жайгашкан Iran Human Rights Monitor уюму “Шахада аянтындагы иш сот системасын жарандык акцияларды басуу жана коомдо коркуу сезимин пайда кылуу үчүн колдонуунун көрүнүктүү мисалы”, – деп билдирди.

Жабык сот процесстери, адвокаттарга материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартуу, күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн ырайымсыз кыйноолорду (анын ичинде электрошокер колдонууну) көз жаздымда калтыруу, далилдери жок оор кылмыштарга айыптоо Адам укуктары боюнча декларацияны одоно бузуу болуп саналат”, - деп кошумчалады уюм.

Бул ишти 2024-жылы популярдуу рок-аткаруучуга өлүм жазасын чыгарган, катаал өкүмдөрү менен белгилүү Мортеза Барати жана Мохаммед Реза Таваколи аттуу судьялар карап жатат.

Таваколи жакында жогоруда айтылган Исфахандагы 12 кишини өлүмгө өкүм кылган. Ал эми Барати Иранда 2022-жылы болгон нааразылык акцияларынын катышуучуларынын үстүнөн сотко төрагалык кылган. Ал өкүм кылган үч киши кийин дарга асылган.

Ал тапта Ирандагы Адам укуктары боюнча активисттердин жаңылыктар агенттиги (HRANA) жана Адам укуктары коому тараткан маалыматка ылайык, Караждагы Кезел Хезар абагында отургандар 15-күн катары менен ачкачылык акциясын улантты. Алар өлүм жазасына жана айыпкерлерди жалгыз камераларга которууга каршылыгын билдиришти.

Ирандын тиешелүү органдары ал түрмөдөгүлөр 13-июлдан бери тамактан баш тартып жатканын ырастаган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG