Иран оппозициялык топ менен байланыштагы дагы эки кишини өлүм жазасына тартты.
Өлкөнүн сот системасынын өкүлү 31-мартта эртең менен Ирандын Элдик можахед уюмуна (MEK) мүчө деп айыпталган эки киши дарга асылганын билдирди.
Бабак Алипур менен Пуйя Гобадиге “куралдуу козголоң” уюштуруу жана “террордук аракет” үчүн күнөөлүү деп табылды.
30-мартта ушундай эле айып менен Мохаммад Такави Сангдехи жана Акбар Данешвар-Кар өлүм жазасына тартылган.
MEK 1960-жылдары негизделген Ирандагы оппозициялык уюм. Анын мүчөлөрү шахка да, ислам жумуриятына да каршы болчу. Кошмо Штаттар уюмду чет өлкөлүк террордук топтордун катарына киргизип, 2012-жылы “кара тизмеден” чыгарган.
Былтыр ноябрда БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча баяндамачысы Маи Сато жогоруда айтылган кишилердин үстүнөн сот процесси мыйзам бузуулар менен коштолгонун, адвокаттар өз маалында алар менен жолугуша албаганын айтып, айыпталуучулар кыйноолорго кабылганы тууралуу маалыматтарга камтамасын билдирген. БУУнун өкүлү мындай шартта өлүм жазасын колдонуу эл аралык мыйзамдарга каршы келерин белгилеген.
Иран өлүм жазасына тартуу жагынан дүйнөдө биринчи орундарда турат.
Шерине