Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, суроолорго жем таштады

Президент Трамп Иорданиядагы базада набыт болгон сержант Анхел Рэмперсаддын табытын тосуп алды. Нью-Йорк, 22-июль 2026-жыл
Президент Трамп Иорданиядагы базада набыт болгон сержант Анхел Рэмперсаддын табытын тосуп алды. Нью-Йорк, 22-июль 2026-жыл

Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, беш айдан бери уланып келаткан урушта каза тапкан жана жарадар болгон аскерлердин расмий санын азайтты.

Демократ мыйзам чыгаруучулар арасында Коргоо министрлигинин мындай методологиясы суроо жаратып, айкындуулук маселесин козгоду.

Пентагондун 27-июлга карай чыккан эсептерине ылайык, америкалык 14 жоокер набыт болду, 400дөн ашууну жаракат алды.

21-июлда 18 аскердин өлүмү тууралуу маалымдалып, бул санды президент Дональд Трамп 23 жана 26-июль күндөрү кайталаган.

Коргоо министрлиги таянган расмий булакка, жоготууларды анализдеген системага “Чет жактагы операциялар” деген категория кошулган.

Системага 7-июлдан берки жоготуулар камтылганы расмий кабарланды. Ага Иран Иорданияга урган соккудан каза тапкан үч аскер жана Иракта ирандык ок-дарыны зыянсыздандырып жаткан маалда окко учкан жоокер киргизилген.

Жаңы категорияга тиешелүү түшүрдүрмө бүдөмүк бойдон калууда.

АКШ менен Израил Иранга каршы чабуулду 28-февралда баштаган. 7-апрелде Вашингтон менен Тегеран атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашып, өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган, бирок бирин-серин соккулар уланып жатты.

7-июлда Трамп Конгрессти Иран менен жаңы жаңжал башталганы жөнүндө кабардар кылган.

АКШнын аскерлери Ирандагы буталарга 12 күн катары менен чабуул коюп, Ислам жумуриятынын күчтөрү жооп кайтарып, Перс булуңундагы базаларын, Ормуз кысыгындагы соода кемелерин аткылап келди.

Пентагондун согуштагы жоготуулардын санын кайра карап чыкканы АКШ менен Ирандын өз ара түшүнүшүү меморандуму үзгүлтүккө учурагандан кийин аскердик мекеменин бул жаатагы маалыматы канчалык ачык-айкын берилип жатканы тууралуу күмөн саноого жем таштады.

Өткөн аптада Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин он чакты демократ мүчөсү коргоо министри Пит Хегсеттен жоготуулардын санын өзгөртүүнүн артында кандай себеп турганын сурашты.

Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, согушка каршы чыгып келген республикачыл саясатчы Томас Мэсси да Пентагонду сындады:

“Бул абсурдду түшүндүрө кетейин: Пентагон кыска ок атышпоо режиминине чейин жана андан кийин Иран менен эки башка согуш болуп жатат деп көргөзгүсү келет”.

Пентагондун басма сөз катчысы Жоел Валдес согуштагы жоготуулар өсүп жатканын жашыруу үчүн "сандарды азайтып көрсөтүүдө" деген айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, маалымат базасы кыска убакытка үзгүлтүккө учурап, тез эле кайра калыбына келтирилген.

Өткөн жумада АКШнын Коргоо министрлиги ок атышпоо жарыялангандан бери америкалык 100 чакты жоокер жарадар болгонун билдирген. Болжолу менен 98% дарылангандан кийин кайра кызматка кайтып барды. Ошондуктан алар отчеттун критерийлерине жараша жарадарлардын катарына киргизилген эмес, - деп кошумчалаган мекеме.


Шерине

XS
SM
MD
LG