Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Иран нааразылык акцияларына катышкан Эрфан Солтани дарга асылбайт деп билдирди


Эрфан Солтани
Эрфан Солтани

Бейшембиде Ирандын сот системасынын өкүлдөрү нааразылык акцияларына катышкан Эрфан Солтаниге “өлкөнүн коопсуздугуна каршы кутумга баруу жана режимге каршы пропагандалык ишмердик” үчүн айып тагылып жатканын, сот күнөөсүн далилдесе, бул беренелерде өлүм жазасына тартуу каралбаганын билдирди. Маалыматка караганда, ал Караждагы абакта кармалып жатат.

13-январда Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights жана бир катар башка укук коргоочу уюмдар булактарга таянып 26 жаштагы Эрфан Солтани “жаратканга каршы согуш” жүргүзгөнү үчүн 14-январда дарга асыларын кабарлашкан. Ал өкмөткө каршы толкундоолор учурунда кармалган.

Шаршембиде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Fox News телеканалына берген маегинде өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды дарга асуу планы жок деп жооп берген.

Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп администрациясынын маалыматына таянып, "Иранда адам өлтүрүү токтоп жатканын, өлүм жазасына тартуу планы жок экенин, мындай маалымат ал жактагы өтө маанилүү булактардан алынганын" белгиледи.

Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан HRANA көз карандысыз укук коргоо уюму 14-январга карата ырасталган жана текшерилген маалыматтарга таянып, нааразылык акцияларында каза тапкандардын саны 2435 адамга жеткенин, дагы 18 миңден ашуун киши кармалганын билдирген. Бирок алардын да, башка уюмдардын маалыматына караганда, каза болгондордун чыныгы саны мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Иран өлүм жазасына тартуу жагынан дүйнөдө биринчи орундарда турат.
2022-жылы “Аял, жашоо, эркиндик” деген акциялардан кийин Иранда кеминде 12 киши дарга асылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG