Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

БУУ: Иран эли өкмөттүн каарынан жана согуш мыйзамы бузулганынан жапа чегүүдө

Минабдагы мектепте окуган кызынан айралган аял. Иран, 3-март 2026-жылы.
Минабдагы мектепте окуган кызынан айралган аял. Иран, 3-март 2026-жылы.

Ирандын карапайым эли өз өкмөтүнүн адамзатка каршы кылмыштарынын жана АКШ, Израил менен согушунун ортосунда калды. Мындай тыянакка БУУнун атайын миссиясы келди. Доклад АКШ 178 кишинин өмүрүн кыйган эки соккусу учурунда согуш кылмышына барган болушу мүмкүн деп айтууга жетиштүү жүйө бар деп белгилейт.

АКШ менен Израилдин быйыл 28-февралда урган соккуларын териштирген БУУнун далилдерди аныктоо миссиясы Кошмо Штаттар жайкын тургундардын өлүмүнө, жараат алышына жана жарандык инфраструктуранын жабыркашына алып келген туш келди эки чабуулу менен согуш кылмышына барган деп болжолдоого “негиздүү жүйө бар” экенин билдирди.

17-сентябрда жарыяланган докладда миссия кеп Минаб шаарындагы “Шажар Тайеб” башталгыч мектебине “Томагавк” канаттуу ракетасы менен абадан сокку уруу тууралуу жүргөнүн белгилейт. Натыйжада 150дөн ашуун киши, арасында 120 бала каза тапкан. Миссия ал имарат окуу жайы деп так белгиленип турганын кошумчалады.

Иран. Минаб шаары. 2026-жылдын 3-марты. Мектептеги соккудан мерт кеткендерди эскерүү.
Иран. Минаб шаары. 2026-жылдын 3-марты. Мектептеги соккудан мерт кеткендерди эскерүү.

АКШ бийлигинин өкүлдөрү аскердик операцияларда куралдуу жаңжалдардын укуктук нормалары сакталганын жана учурда иликтөө жүрүп жатканын бир нече жолу билдирген. Июнда америкалык президент Дональд Трамп “сокку атайылап урулбаганын” жана окуя “териштирилип жатканын” айткан. Иликтөөнүн жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

“Ирандан айырмаланып, Кошмо Штаттар эч качан жайкын адамдарды бутага алган эмес. Бизге жана өнөктөштөрүбүзгө коркунуч жараткандарга каршы таамай аракетти улантабыз жана андан тайбайбыз”, - деп жазган Х социалдык тармагына АКШнын коргоо министринин коомчулук менен байланыштар боюнча жардамчысы Шон Парнелл мектепти бомбалоо тууралуу алгачкы кабарлар чыккан март айында.

БУУнун эксперттеринин дагы бир маалыматына ылайык, Ламерд шаарына сокку урганда таамай атуучу заманбап ракеталар так көрүнүп турган спорт комплексинин жана ага жанаша орун алган калк жашаган райондун үстүнөн абага вольфрам бөлүкчөлөрүн бөлүп чыгарган. Ал чабуулдан 22 жайкын тургун набыт болгон.

Мартта АКШ армиясынын Борбордук командачылыгы 28-мартта америкалык аскерлер Ламердге сокку урбаганын, тарап кеткен видеодо жогорку тактыктагы ракета көрсөтүлбөгөнүн билдирген.

Отчетто ошондой эле Ирандын өкмөтү декабрь-январь айларында болгон нааразылык акцияларын мурда болуп көрбөгөндөй күч менен басканы, ага чейин мындай зомбулук катталбаганы, андай аракеттер адамдардын жапырт өлүмүнө жана жараат алышына, камоолорго алып келгени белгиленет.

Миссиянын айтымында, Иран өкмөтүнүн катардагы жарандарга каршы ырааттуу жана масштабдуу кол салууларынын көбү, анын ичинде адам өлтүрүү, камакка алуу, кыйноо жана башка ырайымсыз аракеттер, адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелет.

БУУнун эксперттери Иран менен АКШны кылмыш катары сыпатталышы мүмкүн болгон эреже бузууларды, ошондой аракеттерди дароо токтотууга, жабыр тарткандарга кенемте төлөнүшүн камсыздоого жана болочокто андай окуяларга жол бербөө чараларын көрүүгө чакырды. Миссия ошондой эле согуштук аракеттерге чекит коюуга, дипломатияны күчтөндүрүүгө үндөдү.

АКШ менен Израил быйыл 28-февралда Иранга абадан сокку ура баштаган. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп буга чейин согуштагы негизги максат Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирип келген.

Ислам жумуриятынын жетекчилиги атомдук программасы тынч максатты гана көздөй турганын айтууда. Жыл башындагы соккуларга жооп кылып Тегеран АКШнын аймактагы базаларын бутага алган жана америкалык тараптын билдирүүлөрүн четке кагууда.

16-сентябрда Трамп Иран Кошмо Штаттарга кайрылганын жана келишим түзүүгө умтулганын билдирди. Ошону менен катар ал жети айдан бери уланып келаткан жаңжал жакын арада токтошу мүмкүн деп болжолдоду.

“Согуштун аякташына жакындадык деп үмүттөнөлү”, - деп айтты Трамп.

Тегерандын өзүнөн же ортомчулар аркылуу ишарат болдубу деген суроого ал тикелей сунуш түшкөнүн белгиледи. Ошол эле маалда америкалык президент анын чоо-жайына токтолгон жок. Ирандын расмий адамдары бул маалыматты расмий бышыктай элек.

Кийинчерээк, шайлоо алдындагы митингде Трамп жаңжал “оң аякташы”, ноябрдагы Конгресске боло турган шайлоодон кийин "башкача баскычка" өтүшү ыктымал деп билдирди.

Буга үндөш оюн вице-президент Жей Ди Вэнс да ортого салган. Бирок сөз уруш, эскалация же дипломатия тууралуу жүрүп жатабы, тактаган эмес.

Бул билдирүүлөр Тегерандын катаал комментарийинен кийин жасалып отурат. 14-сентябрда Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи Ирандын талаптары аткарылмайынча Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын эскерткен.

Ал арада Axios басылмасы 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда Трамп Перс булуңундагы лидерлер менен жолугарын жазды. Жыйында Вашингтондун согуштан кийинки Иран боюнча стратегиясы талкууланат деп болжолдонууда. Бирок андай планды Ак үй расмий тастыктаган жок.

Ошол эле шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Иран режимине каршы санкциялардын мөөнөтүн 2031-жылга чейин узартууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG