Кагылышуу Перс булуңундагы кеме кыймылын кескин азайтып, дүйнөлүк базарда мунайдын кымбатташына алып келди. Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели июлдун соңунан бери биринчи жолу 100 доллардан ашты.
АКШ беш танкерди бутага алды
АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, 8-сентябрда америкалык күчтөр Оман булуңунда төрт, Ирандын негизги мунай экспорттоочу борбору деп саналган Харк аралына жакын жерде дагы бир танкерди бутага алган.
АКШ аскерлери жарыялаган тасмада Riesco танкери өрттөнүп, сууга чөгүп баратканы көрүнөт.
Вашингтон бул операциянын алдында кемелердин экипаждарына танкерлерден чыгып кетүү эскертилгенин билдирди.
АКШ бийлиги жок кылынган кемелер Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун жана анын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүн каржылоого пайдаланылган көмүскө мунай ташуу тармагына кирерин маалымдады.
Вашингтондун маалыматына ылайык, операция Иран АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемесин эки күндүн ичинде эки жолу баллистикалык ракеталар менен бутага алууга аракет кылгандан кийин жүргүзүлгөн.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио америкалык кемелерге ар бир чабуул үчүн Иран жаңы танкерлеринен айрыларын эскертти.
"Бул жерде баары түшүнүктүү. Иран АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелерине сокку урууга аракет кылып жатат. Мындай аракет жасаган сайын танкерлеринен ажырайт. Муну бүгүн дагы көрөсүңөр деп ойлойм".
Соңку операцияга чейин, 5-сентябрда да америкалык күчтөр Ирандын үч мунай танкерине сокку урган. Алардын бири Харк аралына жакын жерде турган.
Иран Иорданияга ракеталарды учурду
Иран АКШнын чабуулуна Иорданиядагы Эль-Азрак аскердик базасын баллистикалык ракеталар менен бутага алуу аркылуу жооп берди. Бул объектини америкалык аскерлер да пайдаланат.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталар базага олуттуу зыян келтиргенин билдирди. Бирок Иорданиянын бийлиги 20 ракетанын 18и абадан атып түшүрүлгөнүн, калган экөө эл жашабаган аймакка кулаганын маалымдады.
Иордания тарап чабуулдан эч ким жабыркабаганын билдирди. АКШнын расмий өкүлү да америкалык аскерлер арасында жоготуулар жок экенин жана Ирандын соккусу максатына жетпегенин айтты.
Ирандын билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн аскерлери Ормуз кысыгында эки америкалык кеме менен сегиз мунай танкерине да чабуул койгон.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү Ирандын беш мунай танкерине чабуулга жооп катары эки америкалык кемени жана сегиз танкерди бутага алып, аларга олуттуу зыян келтирди", - деп Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу Сакчылар корпусунун билдирүүсүн окуп жатат.
Тегерандын америкалык кемелерге жана танкерлерге зыян келтирилгени тууралуу маалыматы көз карандысыз булактардан ырастала элек.
Иран ошондой эле Кувейт менен Бахрейндеги порттордо турган танкерлердин экипаждарын кемелерден чыгып кетүүгө чакырды.
Бириккен Араб Эмираттарынын Хор-Факкан портунда суюлтулган газ ташыган танкер жабыркаганы кабарланды. Бирок чабуулдун артында ким турганы белгисиз.
Ормуз аркылуу алты гана кеме өттү
АКШ дүйнөлүк базарга мунай жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн кемелерди Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүүгө аракет кылууда. Ошол эле учурда Вашингтон Ирандын мунай экспортун бөгөттөп, Тегеранга экономикалык басымды күчөтүүнү көздөйт.
Иран болсо Ормуз кысыгынын айрым бөлүктөрүн «кооптуу жана өтүүгө тыюу салынган аймак» деп жарыялап, андан өткөн кемелерди бутага аларын эскертүүдө.
Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына караганда, 8-сентябрда Ормуз кысыгы аркылуу алты гана коммерциялык кеме өткөн. Бул акыркы убактагы орточо көрсөткүчтөн кыйла төмөн.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетика үчүн стратегиялык мааниге ээ. Дүйнөдө деңиз аркылуу ташылган мунайдын олуттуу бөлүгү ушул жак аркылуу өтөт. Андагы кыймылдын токтошу же үзгүлтүккө учурашы мунайдын дүйнөлүк баасына түздөн-түз таасир этет.
Соңку чабуулдардан кийин Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы бир баррелине 100 доллардан ашты. Акыркы бир айдын ичинде анын баасы болжол менен төрттөн бирге кымбаттады.
Хусилер Сауд Арабиясына чабуул койду
Перс булуңундагы кагылышууга Йемендеги Иран колдогон хусилердин Сауд Арабиясына жасаган чабуулдары да кошулду.
Хусилер Хамис-Мушайт шаарындагы аскердик базаны, ошондой эле Абха, Нажран жана Жазан шаарларындагы Сауд Арабиясынын мамлекеттик мунай компаниясына караштуу объектилерди ракеталар жана дрондор менен бутага алганын билдиришти.
Сауд Арабиясынын бийлиги чабуулдардан 73 адам жараат алганын, алардын арасында аялдар менен балдар бар экенин маалымдады. Бир нече энергетикалык объектте өрт чыкты.
Хусилердин чабуулдары Кызыл деңиз аркылуу мунай ташууга да коркунуч жаратууда. Кызыл деңиз Ормуз кысыгындагы каттамдар азайгандан кийин Жакынкы Чыгыш мунайын тышкы базарларга чыгаруунун негизги альтернативдүү жолдорунун бири болуп калган.
Йемен өкмөтүнүн күчтөрү бул арада хуситтерге каршы операцияларын улантып жатканын билдирүүдө.
Катар сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды
Катар АКШ менен Ирандын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн Кытай жана башка аймактык, эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатканын билдирди.
Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани баштаган делегация учурда Бээжинде жүрөт.
Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ибрагим Султан Аль-Хашми аймактагы «согуш да эмес, тынчтык да эмес» деген арсар абалдын уланышына жол берилбеши керектигин айтты.
«Бул аймакты, анын элинин мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикасын алсыратууда. Анын кесепети аймактын чегинен чыгып, дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү экономикага да таасир этүүдө», - деди Аль-Хашми.
Анын айтымында, дипломатияны жандандыруу үчүн сөз жүзүндөгү сунуштар жетишсиз. Эң башкысы Вашингтон менен Тегеранда кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө саясий эрк болушу керек.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк да АКШ менен Ирандын ортосунда чабуулдардын кайра башталышы бүтүндөй Перс булуңундагы аймакка коркунуч туудуруп жатканын билдирди.
Анын маалыматына ылайык, азыр дүйнөдө кеминде бир мамлекет катышкан 60тан ашуун согуш жүрүп жатат. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Вашингтон менен Тегерандын азыркы кармашында эки тарап тең экономикалык басым атаандашын артка чегинүүгө мажбур кылат деп үмүттөнүп жатат.
Бирок танкерлерге, мунай объектилерине жана кеме жолдоруна жасалган чабуулдар жаңжалдын кесепетин Перс булуңунун чегинен чыгарып, дүйнөлүк экономикага жайылтууда.
Шерине