Анын алдында The New York Times гезити “Азад” тууралуу жарыялаган макалада Тегеранда жайгашкан платформанын аудиториясы кеңейип жатканын жана Ирандын мамлекеттик медиасында көп чагылдыралбаган темаларды такуулоодогу ролун баяндаган. Ошол эле маалда бийликти чара көрүүгө ошол макала түрттү деген далилдер жок.
Иран өкмөтүнүн кадамы журналисттер менен маалымат каражаттарынын сынына кабылды. Эмне себептен Ислам жумуриятынын сынчыларынан баштап диниятчылар режимин колдогондорго чейинки түрдүү көз карашты карманган адамдардын материалдары жайгаштырылган платформа бутага алынган деген собол пайда болууда
“Азад” каналынын негиздөөчүсү жана директору Мехди Ахмади аны прокуратурага чакырышканын, жалган маалымат таратып жатышканы айтылып, күрөөгө кое беришкенин 17-августта билдирди. Анын айтымында, баракчасына көрсөтмө берилмейинче маектерди чыгарууга тыюу салынды.
Тегерандын прокуратурасы каналдын берүүлөрүнө тиешеси бар адамдарга каршы арыз берди.
“Мизан” маалымат агенттиги “Азад” Ирандын маданият министрлигинин жана Медианы көзөмөлдөө башкармалыгынын лицензиясы алган эмес деп, аны “мыйзамсыз маалымат каражаты” деп атады.
Прокуратура сөз болгон платформаны маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга айыптап, бирок башка чоо-жайын айткан жок.
Ирандык активист, интернеттеги журналисттик ишмердик үчүн кармалган Хосейн Раззаг канал мындай куугунтукка кабылары буга чейин эле белгилүү болгонун белгилейт:
“Азад” акыр аягында Ислам жумуриятынын бутасына алынары көптөн бери болжолдонуп келген”, - деп айтты “Фарда” радиосуна активист. Ал "Studio Pat" деген Ютубдагы баракчага тиешеси бар Мехди Махмудиандын буга чейин кармалганын кошумчалады.
Раззаг “Азад” каналы адегенде өз программаларын тең салмактоого аракеттенгенине, бирок январдагы демонстрациялар учурунда күч колдонгондо, февралдын этегинде АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу тутангандан тартып сынчыл көз карашка көбүрөк ыктаганына көңүл бурат.
Өткөн жылдын этегинде башталган нааразылык акциялары январда ырайымсыз, күч менен басылган. Укук коргоочу топтор ошондо 7 миңдей кишинин өлүмүн аныктаганын, реалдуу сан андан көп болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Раззагдын айтканына караганда, “Азад” каналына каршы көрүлгөн чара абдан маанилүү, эмне дегенде интернеттин ылдамдыгы жакшырганы, Ютубдагы фарси тилиндеги программалардын көрүүчүлөрү артууда, эл маалыматтын альтернативалуу булактарына көбүрөк кайрылууда.
Активист Ирандын мамлекеттик телекомпаниясы анча кеңири аудиотория чогулта албаганын, күч түзүмдөрү же өкмөтчүл топтор түзгөн Ютубдагы каналдардын катталуучулары аз экенин белгилейт.
“Азадга” тыюу салуу бийликти сындаган берүүлөрдү чыгарган башка маалымат каражаттарына жана онлайн-платформаларына эскертүү болуп калышы ыктымал”, - деген ою менен бөлүшөт Раззаг.
Башка популярдуу социалдык түйүндөр сыңары Иранда Ютубга тыюу салынган, ага ВПН менен гана кирсе болот.
“Азад” 2022-жылдан бери иштеп келатат. Саясий, экономикалык жана социалдык темалардагы талкууларына жергиликтүү жана чет жактагы эксперт, талдоочулар тартылат. Ютуб каналынын 160 миң, Инстаграм баркчасынын катталуучусу бар.
Берүүлөрүнө Ислам жумуриятын конституциялык референдум жолу менен өзгөртүүнү жактагандар, монархияны калыбына келтирүүнүн тарапташтары жана мамлекеттик саясатты колдогондор, кыскасы түрдүү, карама-каршы пикирлерди айткан адамдар катышып жүрдү.
Каналдын түптөөчүсү Ахмади белгилегендей, “Азад” америкалык консервативдүү теле алып баруучу Такер Карлсондун президент Масуд Пезешкиан менен маегин уюштурууга катышкан. Ал Карлсонго, кийин президенттин командасына интервью уюштурууну сунуш кылганын The New York Times гезитине айтып берген.
Раззаг “жалган маалымат таратуу” айыбы бийликке аны башкача пикирди кармангандарды куугунтуктоо эмес, кылмыш иши кылып көрсөтүүгө жол берет жана эркин онлайн медиага каршы ири өнөктүктүн башаты болушу мүмкүн деп айтат.
"Фарда" радиосунун кабарчылары даярдаган материалдын оригиналы төмөнкү шилтемеде.
Шерине