Быйылкы саммит Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келди. 2001-жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан негиздеген уюмга кийин Индия, Пакистан, Иран жана Беларус кошулду. Уюмдун географиясы кеңейген сайын анын амбициясы да өзгөрдү. Алгач чек арадагы коопсуздук, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн уюм азыр экономика, энергетика, транспорт, технология тууралуу сөз козголгон ири эл аралык аянтчага айланды.
Өнүктүрүү банкы боюнча чечим
Саммиттин соңунда ШКУ лидерлери уюмдун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясын кабыл алып, хартияга өзгөртүү киргизди. Жалпысынан 28 документ кабыл алынды. Алар транспорт жана логистика, санариптик саясат, энергетика, климат, биоартүрдүүлүк, маалыматтык коопсуздук жана жасалма интеллект сыяктуу тармактарды камтыйт.
2026–2028-жылдарга маалыматтык коопсуздук планы, аймактык маалымат иштетүү жана жасалма интеллект борборлорун өнүктүрүү концепциясы, 2030-жылга чейинки «жашыл технологиялар коридору» боюнча документтер кабыл алынды. Коопсуздук жаатында ШКУнун коркунучтарга каршы универсалдык борборунун жана Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган документтер бекитилди.
Кыргызстан төрагалык кылган учурда ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча сунуш көп көтөрүлгөн. Бирок ал боюнча акыркы чечим кабыл алынган жок.
The Times of Central Asia басылмасы саммиттин жыйынтыгын дал ушул өңүттөн талдады. Басылма Бишкек сунуштаган өзгөчө кырдаалдар боюнча демилге саясий колдоо тапканын, бирок өнүктүрүү банкы боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкпй калганын жазды.
Президент Садыр Жапаров банктын штаб-үйүн Бишкекте жайгаштырууну сунуштап келген. Саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да, эгер мүчө мамлекеттер ортосунда мунаса болсо, банкты Казакстанда жайгаштырууга даяр экенин билдирди.
Бишкек декларациясында банкты түзүүдө «прогресс» болгону белгиленгени менен, аны негиздөөчү келишим, капиталы жана ишке кирүү мөөнөтү аныкталган жок.
The Times of Central Asia жазгандай, бул жагдай ШКУнун 25 жылдан берки негизги өзгөчөлүктөрүнүн бирин көрсөтөт. Саясий декларацияларды кабыл алуу оңой болгону менен, мүчөлөрдүн кызыкчылыгы кесилишкен чоң экономикалык долбоорлор боюнча бир пикирге келүү кыйыныраак.
Дүйнөлүк медианы Кытай, Орусия жана Ирандын лидерлери кызыктырды
Эл аралык медиа Кытай, Орусия, Индия жана Ирандын лидерлери эмне үчүн дал азыр Бишкекте бир үстөлдүн тегерегине чогулду деген суроого көбүрөөк көңүл бурду.
Батыш медиасы ШКУнун дүйнөдө АКШ жана Батыш үстөмдүк кылган системага альтернатива боло алабы деген суроого көбүрөөк жооп издеди.
Ал эми Кытай медиасы болсо Бишкектеги жыйынды мындан да чоң процесстин бир бөлүгү катары көрсөттү.
Global Times басылмасы Бишкекте Кытай, Орусия, Индия, Иран, Пакистан жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин чогулушун эл аралык системанын түзүлүшүндө жүрүп жаткан өзгөрүүнүн саясий көрүнүшү катары баалады.
Кытай: коопсуздуктан экономикага жана жасалма интеллектке
Кытайдын расмий медиасында ШКУ Батышка каршы түзүлгөн аскердик блок катары эмес, жаңы көп уюлдуу дүйнөдө кызматташуу механизми катары көрсөтүлдү.
Си Цзинпин Бишкектеги сөзүндө ШКУ өлкөлөрүн соода, инвестиция, транспорт жана энергетикадагы салттуу кызматташтыктан тышкары жасалма интеллект, санариптик экономика жана жашыл индустрияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.
Кытай жакынкы үч жылда ШКУ мамлекеттери менен 100 технологиялык долбоорду ишке ашырууну, жасалма интеллектти колдонуу боюнча эл аралык кызматташтык борборун өнүктүрүүнү сунуштады. Расмий Бээжин уюмду «Бир алкак - бир жол» демилгесин ишке ашыруудагы артыкчылыктуу багыттарынын бири катары көрөрүн дагы кайталады.
Global Times муну «Шанхай духунун» 25 жыл ичинде коопсуздуктан экономикага, технологияга жана глобалдык башкарууга чейин кеңейиши катары сүрөттөдү.
Кытай медиасы Кыргызстан менен болгон мамилеге да өзүнчө басым жасады. Си Цзинпин кыргыз-кытай кызматташтыгы «алтын доорго» киргенин айтып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун кызматташтыктын негизги долбоорлорунун бири катары атады.
Индия медиасы терроризмди биринчи орунга чыгарды
Саммиттин алдындагы көңүл бурулган жолугушуулардын бири - Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү.
Модинин Путинге Украинадагы согушту токтотуу зарылдыгын түз айтканын өзүнчө жаңылык болду.
Моди Путинди «досум» деп атап, Индия менен Орусиянын экономикалык байланыштарын жогору баалады. Бирок ошол эле учурда Украинадагы согуш боюнча Делинин позициясын кайталады.
«Согуш улана берген ар бир күн адамзатты бир кадам артка тартат, тынчтыкка карай ар бир кадам адамзатка үмүт берет», - деди Моди.
Ал мындан ары «чексиз согуштан согуштун аякташына, согуштук аракеттердин токтошуна өтүү керек» деген мааниде сүйлөдү.
Путин ага Орусия бул багытта «алдыга жылып жатканын» айтты. Бирок Кремль согушту өзүнүн шарттары менен гана токтотууга даяр экенин буга чейин бир нече жолу билдирген, Украина бул талаптарды кабыл алынгыс деп эсептейт.
Модинин бул билдирүүсү Индиянын ШКУдагы өзгөчө позициясын көрсөттү.
Индия Кытай менен бирге Орусиянын мунайын эң көп сатып алган өлкөлөрдүн бири. Москва менен Делинин ондогон жылдардан берки стратегиялык жана аскердик байланыштары бар. Ошол эле учурда Индия АКШ жана Европа менен да мамилесин тереңдетип келет.
Модинин Путинге айткан сөзү эл аралык медиада жаңылык болсо, Индиянын өзүндөгү маалымат каражаттары терроризмди биринчи планга чыгарды.
The Indian Express Модинин терроризмди тышкы саясатта «стратегиялык актив» катары колдонууга жол берилбеши керек деген билдирүүсүнө басым жасады.
Моди терроризмге каршы күрөштө «кош стандарттар» болбошу керектигин айтып, террордук инфраструктураны каржылоодон жана адамдарды тартуудан тартып радикалдашууга жана баш калкалоочу жайларга чейин толугу менен жок кылууга чакырды.
Ошол эле залда Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф отурду.
Дели Исламабадды көп жылдан бери террордук топторду колдойт деп айыптап келет. Пакистан мындай айыптоолорду четке кагып жүрөт.
Моди Батыш Азиядагы согуш тууралуу сөз кылып, ал бир аймактагы жаңжал ошол жерде гана калбай турганын, энергетикалык коопсуздукка, деңиз соодасына жана дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына таасир этерин айтты.
«Чыңалуу жана согуш майданда чечилбейт. Аларды диалог жана дипломатия аркылуу чечүү керек», - деди Индиянын премьер-министри.
Бишкек Иран үчүн АКШга кайрылган трибуна болду
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бишкекке сапар тарткан маалда, АКШ Ирандын Ларак аралына сокку урду, көп өтпөй Тегеран Иорданиядагы Американын эки аскердик базасына чабуул койгон.
Пезешкиан Бишкекте Вашингтонго түз билдирүү жасады.
Ал Кошмо Штаттар июнда түзүлгөн убактылуу келишим боюнча өз милдеттенмелерине кайтып келсе, Иран да «дароо жооп иретинде» өз милдеттенмелерин аткарарын билдирди.
«Эгер Америка меморандумдагы милдеттенмелерине кайтып келсе, Иран Ислам Республикасы дароо жооп берет», - деди Пезешкиан.
Ал Иран эл аралык милдеттенмелерин аткарып келгенин айтып, Вашингтонду макулдашууларды бузууга айыптады. Reuters Пезешкиандын ушул билдирүүсүн Бишкек саммитинен чыккан өзүнчө чоң жаңылык катары берди.
Ошентип, Иран үчүн ШКУнун саммити уюмдун ички маселелерин талкуулаган жыйын гана эмес, Вашингтонго дипломатиялык белги жөнөтө турган эл аралык трибунага да айланды.
The Times of Central Asia белгилегендей, саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган Бишкек декларациясында Иран боюнча так жана катуу саясий позиция камтылган.
ШКУ өлкөлөрү Ирандын аймагына жасалган аскердик соккуларды айыптап, өлкөнүн эгемендигин колдоду. Ошондой эле БУУнун уставына жана эл аралык укукка каршы келген бир тараптуу чараларга каршы позициясын билдиришти.
Бирок декларацияда Украинадагы согуш боюнча ушундай өзүнчө позиция жок.
Бул айырма ШКУнун ички саясий чектөөлөрүн даана көрсөтөт.
Орусия уюмдун негиздөөчү жана эң ири мүчөлөрүнүн бири. Бирок Индия сыяктуу өлкөлөр Москва менен жакын экономикалык мамилесине карабай согушту токтотууга чакырууда.
Демек, ШКУ айрым эл аралык маселелерде орток позиция таба алганы менен, мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы кескин айырмаланган темаларда консенсуска жетишүү кыйыныраак.
Түркия: «ШКУ жанып келе жаткан жылдыз»
Түркиянын Anadolu агенттиги саммиттен дагы башка багытты тандады.
Президент Режеп Тайып Эрдоган ШКУну «жанып келе жаткан жылдыз» деп атап, Түркия уюм менен кызматташуусун бардык тармактарда тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Эрдоган Бишкекте Түркия жаңжалдарды диалог жана дипломатия аркылуу жөнгө салуу үчүн жоопкерчилик алууга жана тынчтык, коопсуздук, туруктуулук үчүн иштөөгө даяр экенин айтты.
Түркиянын позициясы өзгөчө мааниге ээ, анткени ал НАТОго мүчө мамлекет.
Анкара ШКУ менен кызматташууну Батыштан баш тартуу катары эмес, өзүнүн көп багыттуу тышкы саясатынын бир бөлүгү катары көрсөтөт.
Anadolu жарыялаган талдоодо да ШКУнун мындан аркы негизги милдети жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу эмес, анын чоң географиясын жана калкынын санын реалдуу саясий жана экономикалык күчкө айландыруу экени белгиленди.
Борбор Азия саммиттен кандай пайда көрдү?
Кытай үчүн ШКУ көп уюлдуу дүйнөнүн инструменттеринин бири. Орусия үчүн Батыш менен тирешүү шартында Москва эл аралык изоляцияда эмес экенин көрсөтүүчү аянтча. Иран үчүн Вашингтонго билдирүү жасоочу дипломатиялык трибуна. Ал эми ШКУ аймакка эмне берет?
Кыргызстан үчүн бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, соода, инвестиция, транзит, энергетика жана жаңы финансылык механизмдер.
Казакстан үчүн Евразиядагы транспорттук маршруттар, өнөр жай жана технологиялык долбоорлор.
Өзбекстан үчүн транспорттук байланыштарды кеңейтүү жана Борбор Азиянын ШКУдагы стратегиялык ордун күчөтүү.
Ошондуктан дүйнөлүк медиа Си, Путин жана Модинин бир кадрда турушун дүйнөлүк күчтөрдүн катышы өзгөрүп жатканынын символу катары талдап жатканда, Борбор Азия үчүн ШКУнун ийгилиги акырында конкреттүү долбоорлор менен өлчөнөт.
Өнүктүрүү банкынын Бишкекте дагы түзүлбөй калышы дал ушул жагынан маанилүү.
Уюм Кытай, Орусия, Индия, Иран жана Борбор Азияны бир үстөлгө отургузууга жетишти. Бирок алардын Бишкекке келүү себептери жана дүйнөдөгү көйгөйлөргө көз карашы бирдей эмес.
Шерине