Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым

ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:52 0:00

ШКУнун лидерлеринин соңку саммити 2025-жылы Кытайдын Тяньцзин шаарында өткөн.

мазмуну

  • Кыргызстан азыр төрагалык кылып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын мааракелик жыйыны Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Негизги саммит 1-сентябрда уюштурулат
  • Быйыл ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толуп, жыйындын негизги темасы уюмдун мындан аркы өнүгүү багыттарын талкуулоого арналат
  • Саммит «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге» деген ураан алдында өтөт

Бишкек саммити альянстын эки мүчөсү - Орусия жана Иран куралдуу жаңжалдарга кириптер болгон, ошол эле маалда уюмга мүчө-өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыш курчуп жаткан маалда уюштурулууда. Мындай шартта бирикменин аймактык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо деген башкы максаты канчалык мүмкүн?

Чейрек кылымдан бери Жер бетиндеги калктын 40% ашууну жашаган өлкөлөр кирген Шанхай кызматташтык уюму аймактын маселелерин чогуу-чаран чече алгыдай, дүйнөлүк сахнада салмактуу күчкө айлана алдыбы? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" программасы мына ушул темага арналды.

Талкууга “Азаттыктын” Жакынкы Чыгыш боюнча редактору Дауд Хан жана Борбор Азия боюнча талдоочу Мерхат Шарипжан катышты.

Евразиядагы ири регионалдык бирикме саналган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жетекчилеринин бийик деңгээлдеги жолугушуулары аймакта жана анын сыртында да көп кызыгуу жаратып келет.

Быйыл 25 жылдыгын белгилеген уюм 2001-жылдын июнунда түптөлгөн. Адегенде Шанхай бешилтигине – Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанга Өзбекстан кошулуп, азыркы аталышы берилген. Кийин ага Индия, Пакистан, Иран жана Беларус мүчө болду.

Уюмдун тарыхына учкай көз чаптырсак.

Коопсуздук жаатындагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү демилгесинин тамыры СССР менен Кытайдын чек ара маселесин чечүү аракеттерине барып такалат. Советтер Союзу ыдырагандан кийин сүйлөшүүлөр көп тараптуу форматка өткөн. 1996-жылы Шанхай бешилтигине кирген өлкөлөр чек ара аймактарында аскердик тармакта өз ара ишенимди бекемдөө, ал жерлерде куралдуу күчтөрдүн санын кыскартуу тууралуу келишимге кол койгон. Мындан тышкары Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан террорчулук менен күрөшүүнү макулдашкан.

ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:52 0:00

2001-жылы беш өлкөгө Өзбекстан кошулуп, лидерлер ШКУну түзүү тууралуу документтерге кол коюшкан. Айрым эксперттер 2010-жылдарга дейре Орусия уюмду саясий блок деп эсептеп келгенин белгилешет. 2013-жылы Кытайдын лидери Си Цзинпин “Бир алкак бир жол” демилгесин жарыялаганга чейин Бээжин дал ушул уюмду көп тараптуу экономикалык кызматташтыкты өрчүтүүнүн инструменти катары кабыл алып келген. Кытай да, Орусия да бирикмени Батыш институттарына каршы аракеттенүүчү курал, АКШ долларына альтернатива болуп бере тургандай экономикалык түзүм катары кабыл алышат.

2015-жылдан бери альянс Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты көздөй кеңейип отуруп, ушу тапа ага 10 өлкө кирет, диалог боюнча өнөктөш мамлекеттин арасында Түркия, Азербайжан, Катар жана башкалар бар. Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Бирок талибдер бийликке кайтып келген 2021-жылдан бери Кабулдун өкүлдөрү жыйындарга чакырылбай калган. 2017-жылдан тарта бири-бирине атаандаш болгон эки ядролук держава Индия менен Пакистан расмий түрдө уюмга мүчө болуп кирген. Андан кийин, 2023-жылы Нью-Делиде онлайн өткөн жыйында альянска Иран кошулган.

2024-жылдын 4-июлунда акыркы болуп уюмга Беларус кабыл алынган. Ал Орусиядан кийинки экинчи европалык мүчө-мамлекет болуп калды. “Европадагы акыркы диктатор” атыккан Александр Лукашенконун башкаруусундагы Беларус бийликти бир колго топтоо, диктатуралык башкаруу модели жагынан ШКУдагы Орусия, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө жакын.

Блокко кирген мамлекеттерге дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн бирден үч бөлүгү туура келет. Бул 20 триллиондой доллар дегенди билдирет. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарын кошкондо Евразиянын үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Расмий жыйындардан тышкары дээрлик жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары өтүп турат.

Эске сала кетсек, Freedom House эл аралык уюму 2025-жылкы докладында ШКУга кирген мамлекеттердин Индиядан башкасынын баары "эркин эмес" деп сыпаттаган. Батыштагы кээ бир эксперттер жана укук коргоочу уюмдар аны “автократтардын бирикмеси” же “диктаторлордун клубу” деп сыпаттаганы бар. Себеби Кытай, Орусия, Иран жана Беларус өңдүү өлкөлөр расмий бийликтен башкача пикирдегилерди катуу куугунтуктайт.

Былтыр Тяньцзин шаарында өткөн саммиттен кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына Кытай, Индия жана Орусия лидерлеринин сүрөтүн жарыялап, Дели менен Москва Бээжиндин таасиринде калганын жазган. Мындан тышкары айрым талдоочулар Украинага кол салгандан бери эл аралык санкцияларга туш болгон Орусия үчүн өз дымагын илгерилетүүдө жана соода-сатык кылууда Шанхай кызматташтык уюму маанилүү аянтча болуп бергенин белгилешет.

Башкаларынын айтымында, АКШ жана Еврошаркет бирикме америкалык таасирге каршы болгон өлкөлөрдү бириктирүүнү көздөйт деген ойду карманат. Ал эми аймактык бирикменин жетекчилиги жана ага кирген мамлекеттер Шанхай кызматташтык уюмунун эч кимге каршылыгы жоктугун, диалогго ачык экенин белгилейт.

"Азаттык": АКШ жана Израил Иранга каршы чабуул баштаган 28-февралдан бери ШКУнун лидерлери биринчи жолу жылдык жыйынга чогулуп жатат. 2-мартта ШКУ Иранга урулган соккуларга байланыштуу билдирүү жасап, аскердик күч колдонуу кабыл алынгыс экенин айткан, БУУну кийгилишүүгө чакырган жана Ирандын өкмөтү менен элине тилектештигин билдирген. Мындай билдирүүлөр мүчө мамлекеттердин бардыгы бирдей позицияны карманганда гана кабыл алынат да. Мерхат, демек, ШКУга киргендердин бардыгы Иран менен тилектеш деп айтса болобу?

Мерхат Шарипжан
Мерхат Шарипжан

Мерхат Шарипжан: Бул өтө олуттуу суроого өтө оңой жооп берсе болот. Бул жерде эң биринчи маселе – Иран ушул уюмдун мүчөсү. Демек, протокол боюнча башка мүчөлөр бир нерсе айтышы керек. Экинчиден, бул жерде Ирандын саясатын толук колдоо жөнүндө сөз болгон жок. Болгону Ирандын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү сакталышы керек, ага каршы күч колдонулбашы керек деген билдирүү жасалды. Документте же билдирүүдө "Иранды толугу менен колдойбуз, анын ички саясатын да, тышкы саясатын да колдойбуз" деген маанидеги сөздөр жок. Муну так түшүндүрүүгө болот. Анткени Иран маселесине келгенде бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн көз караштары бирдей эмес.

Азыркы учурда да бир пикир түзүлгөн эмес жана келечекте да толук бирдиктүү позиция калыптанышы күмөн. Мисалы, Орусия менен Иран стратегиялык өнөктөштөр болуп саналат. Кытай менен Ирандын да стратегиялык өнөктөштүк мамилеси бар. Бирок Батыш менен тирешип жаткан Орусиянын жана айрыкча АКШ менен атаандашып жаткан Кытайдын Иранга болгон көз карашы башка мамлекеттердикине караганда айырмаланат. Ал эми Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрү, Түркмөнстан үчүн Иран менен кызматташтык негизинен экономикалык багытта маанилүү. Саясий жактан болсо Иранды катуу колдоо зарылчылыгы жок деп эсептешет. Себеби бул мамлекеттер геосаясий тең салмактуулукту эске алууга аргасыз. Өзгөчө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн негизги маселе. Алар Иран, Орусия жана Кытай менен гана эмес, ошол эле учурда АКШ, Европа жана башка мамлекеттер менен да кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашат.

"Азаттык": Демек, Дауд, бул жерде Вашингтондун каарына калуу тобокелдиги жок?

Дауд Хан
Дауд Хан

Дауд Хан: Мерхат айтып кеткендей, менимче, ал символикалык билдирүү болгон. Албетте, мүчө-мамлекеттер Иранга колдоосун билдирди, бирок бул ал өлкөнүн өзөктүк программасын же режиминин саясатын колдошот дегенге жатпайт. Иран Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болгондуктан, албетте бир альянска кирген калган өлкөлөр анын суверендүүлүгүнө колдоосун билдирет. Бул принципиалдуу билдирүү. Бирок кеп Ирандын режимин колдо тууралуу жүргөн жок. АКШнын саясий чөйрөсүндө, дегеле эл аралык дипломатиянын көз карашынан алганда муну жакшы түшүнсө болот. Андыктан Кошмо штаттардын тынчсыздануусун же реакциясын жаратуусу күмөн.

"Азаттык": Уюмдун хартиясында эл аралык жаңжалдардын алдын алуу жана талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу зарылдыгы белгиленет. Ошол эле маалда Орусия дээрлик 5 жыл мурун кошуна өлкөсүнө кол салганын айтуу зарыл. Украинадагы согушту эске алганда уюмдун эки мүчөсү куралдуу жаңжалга түздөн түз катышып келатат. Иран согушунан айырмаланып, Украинадагы уруш тууралуу мисалы былтыркы саммиттен кийинки жыйынтыктоочу декларацияда бир да сөз айтылган эмес. Расмий Киев муну Москванын дипломатиялык аракеттеринен майнап чыкпай жатканы менен байланыштырат. Муну менен катар АКШ Кытай менен Индия Орусиянын Украинага каршы согушуна жардам берет деп айыптап келатат. Мерхат, демек украин согушунда ШКУнун бирдиктүү позициясы жок деп айтса болобу?

Айнура Жекше кызы
Айнура Жекше кызы

Мерхат Шарипжан: Жок. Муну түшүнсө болот. Анткени, мисалы, Кытай Орусия менен абдан тыгыз мамиледе жана Бээжин Москваны өзүнүн эң жакын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт. Бирок ошону менен катар кытайлык расмий өкүлдөр бир нече жолу Украинадагы кризис өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин сактоо негизинде чечилиши керек экенин ачык билдиришкен. Албетте, мындай позиция айрым учурда Орусиянын азыркы кызыкчылыктарына каршы келгендей көрүнүшү мүмкүн. Индияны алсак, ал дагы Орусиянын стратегиялык өнөктөшү. Биз билебиз, Индия азыркыга чейин Орусиядан мунай сатып алууну улантып келет. Бирок ошол эле учурда Индия Батыш өлкөлөрү менен, анын ичинде АКШ жана Европа мамлекеттери менен да жакшы мамилени сактоого аракет кылууда. Индия бул маселеде эч качан толук түрдө Орусияны да, Украинаны да колдогон эмес. Ал көбүнчө жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын баса белгилеп келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнө келсек, алардын көз карашы дагы өзгөчөлөнөт. Мисалы, Казакстан бир нече жолу Украинанын аймактарынын аннексияланышына байланышкан маселелерде бул аймактарды Орусиянын бөлүгү катары тааныбастыгын кыйыр түрдө көрсөткөн. Ошондой эле жакында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин жанында отуруп, бул согушту токтотуу керектигин ачык айтты. Ал согушту убактылуу болсо да токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин белгилеген. Бул Казакстандын Батыш өлкөлөрү менен да, Кытай менен да, ислам мамлекеттери менен да, ошондой эле Орусия менен да мамилелерин сактап калууга кызыкдар экенин көрсөтөт. Себеби Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек аранын узундугу 7,5 миң чакырымды түзөт жана бул Евразиядагы эң узун тилкелердин бири.

"Азаттык": Эми ички араздашууларга кайрылсак. Дауд, Индия менен Пакистандын тиреши ШКУга көлөкө түшүрүүдө деп айтса болобу?

Дауд Хан: Албетте, Индия менен Пакистан жакын коңшулар. Бирок алардын өз ара алакасы акыркы 70-75 жылдан бери эч качан жылуу болгон эмес, чек ара талашын эске алганда өз ара ишеним орнотуу тууралуу да сөз кыла албайбыз. 2025-жылдын май айында эле куралдуу тиреш согуштун тутанышына чейин жеткирди. Толук масштабдуу эмес, бирок урушка күбө болдук. Тараптар аба күчтөрүн колдонду, ортодогу чыңалуу дагы деле кала берүүдө. Шанхай кызматташтык уюмунун кубаттуу мүчөсү болгон Кытайдын да Индия менен чек арага боюнча чечилбеген маселелери бар.

Бирок кытай көбүрөк соодага жана экономикага көңүл бурат. Алар бир аз башкача сясатты карманат. Бээжин дүйнөдөгү башка державалардан айырмаланып, активдүү согуштук аракеттерге барбайт. Кытай Шанхай кызатташтык уюмундагы негизги оюнчу, анда маанилүү роль ойнойт. Ошентип, менимче, Пакистан менен Индиянын араздашуулары маселе жаратканы менен, жалпысынан уюмга көлөкө түшүрөт же анын күн тартибиндеги негизги көйгөйгө айланат деп айтуу туура эмес. Сөз болгон эки өлкөнүн өз ара талаш-тартышы улана берет, бирок Шанхай кызматташтык уюмунун күн тартибине таасир этпейт.

"Азаттык": Экинчи жагынан Индия менен Кытай ортосунда да Кытай-Пакистан экономикалык коридорго байланышкан пикир келишпестиктери да кала берүүдөбү же чечилип жатабы?

Дауд Хан: Бул көбүрөк соода согушуна окшоп кетет. Бирок алдыда айтылган оюмду кайталасам, Пакистандын Индия менен маселеси бар, ошондой эле талашка Кытай менен индия кириптер боолгон. Пакистан Индия жана кытай чектешкен Ладакх регионун, Пакистан менен Индиянын ортосундагы талаштуу Жамму жана Кашмир аймактарын айтып жатам. 1962-жылы Индия менен Кытай ортосунда согуш тутанганда Кытай ал жердин бир бөлүгүн тартып алган. Пакистандын эң түндүгүндөгү Гилгит-Балтистан жана Скарду райондорун, Кытай менен чек арага жакын чөлкөмдөрдү алсак. Жалпы баасы 60-65 млрд долларды түзгөн Кытай-Пакистан экономикалык коридору курула баштагандан бери Индия айрым учурларда ага каршылыгын билдирип келет. Эмне дегенде талаштуу аймактарда өткөн жолду мыйзамсыз деп эсептейт.

Бирок байкашымча, Исламабад андай билдирүүлөргө анча олуттуу реакция кылбайт. Дели жогорудагыдай каршылыгын айта берет, бирок ага көп маани берилбейт. Ал - Индия үчүн абдан маанилүү маселе деп ойлобойм. Ооба, мезгил-мезгил менен бул темада билдирүү жасагын менен ктыайлык жетекчилерден да реакция болгонун көргөн жокмун. Менимче, бул – актуалдуу маселе эмес, үч тараптын ортосундагы пропагандалык согуштун бир бөлүгү.

Ооганстан менен Пакистандын мамилелерине келсек, бул жерде да татаал бир үчилтик тууралуу сөз кылуу зарыл. Эмне дегенде Талибан кыймылы бир кездери, дээрлик 20 жыл бою Пакистандын ажырагыс өнөктөшү болчу. Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин да ошол алака-катыш сакталып турду. Былтыр октябрда Ооганстанды башкарган Талибан менен Исламабаддын мамилелери начарлагандан начарлай баштады. Тарыхта биринчи жолу пакистандык учактар ооган башкалаасы Кабулду бомбалаган. Андан кийин чек арада кагылышуулар болгон. Ошондон бери чек ара жабык турат. Тагырагы, жабылагына бир жылдан ашты. Пакистандык талиб согушкерлердин маселеси ортодогу эң олуттуу талаш-тартышты, тоскоолдукту жаратып келатат. Ал жакын арада чечилчүдөй эмес.

Пакистан Ооганстандагы талибдердин Индия менен байланыштарына каршылыгын билдирип келатат. Ошон үчүн бул жерде да үч тарап кириптер болгон көйгөй деп айтып жатам.

Бирок Ооганстан Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу макамына ээ экенин белгилей кетүү зарыл. Ооганстандын экономикасы башкалардыкынан алда канча алсыз болгондуктан өлкөнү башкарган “Талибан” кыймылынын позициясы чабал. Бул талибдердин бийлиги астындагы географиялык аймакка эле айланып калган. Ооганстандын экономикасына көз чаптырсак, согушкер топтун тушунда уюмга кошкон салымы чектелген. Экинчиден, алардын бийлигин Орусиядан башка ШКУга мүчө-мамлекеттердин бири да тааныган эмес. Жыйынтыктап айта турган болсом, Ооганстан-Пакистан мамилелери маал-маалы менен учкай кеп болгону менен, альянстын күн тартибиндеги олуттуу маселелердин бири деп айта албайм. Тескерисинче, Шанхай кызматташтык уюмун Ооганстан менен Пакистан ортосундагы талаш-тартышты жөнгө салууда аянтча катары колдонсо болот.

"Азаттык": Ушундай ири альянстарда жамааттык максаттар менен ар бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын айкалыштыруу мүмкүнбү?

Мерхат Шарипжан: Бул кээде мүмкүн эмес, кээде болсо мындай нерселерди ишке ашыруу үчүн өтө көп убакыт талап кылынат. Себеби уюмдун ичиндеги мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктары көп учурда бири-бирине карама-каршы келет. Дауд айтып өткөндөй, Пакистан менен Индиянын ортосундагы кыйынчылыктар жана келишпестиктер. Ошондой эле Кытай менен Индия аймактагы негизги мамлекет атагын көптөн бери талашып келаткан өлкөлөр. Мындан тышкары дагы көптөгөн татаал маселелер бар. Маселен, терроризмге каршы күрөш жаатында жалпы окшоштук бардай көрүнгөнү менен, бул маселеде да чоң айырмачылыктар кездешет. Мисалы, Кытай үчүн терроризмге каршы күрөш дегенде биринчи кезекте Шинжаңдагы жагдай, ошол жактагы байыркы элдерге жасалган өтө чоң кысым. Ал жакта уйгурлар, эки миллионго жакын казак, үч жүз миңдей кыргыз жана тажиктер бар.

Кытай бийлиги мусулмандар үчүн түзүлгөн атайын лагерлерди жана коопсуздук чараларын экстремизмге, сепаратизмге жана терроризмге каршы күрөш катары түшүндүрөт. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндө бул көрүнүшкө башкача көз караш бар. Өзгөчө Казакстан үчүн бул маселе кыйын жагдай. Анткени казакстандык активисттер менен коомдук ишмерлер Шинжаңдагы казактарга жана уйгурларга колдоо көрсөтүү маселесин дайыма көтөрүп келишет. Ал эми Орусия үчүн терроризмге каршы күрөш түшүнүгү негизинен Түндүк Кавказдагы, Сириядагы жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар менен байланыштуу.

Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү үчүн болсо терроризмден келип чыгуучу негизги коркунуч көбүнчө Ооганстандагы абал менен байланыштырылат. Айрыкча, Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы коопсуздук маселеси дагы эле маанилүү бойдон калууда. Бирок көйгөйлөр муну менен эле чектелбейт. Мисалы, Борбор Азиядагы суу ресурстарын бөлүштүрүү маселеси келечекте дагы олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Азыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси жөнгө салынды деп айтылып жатат. Бирок келечекте жаңы жагдайлар жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Албетте, андай болбосун деп тилейбиз.

Жалпысынан бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда карама-каршылыктар көп. Ошондуктан ар бир өлкө уюмдан өзүнүн кызыкчылыгына жараша пайда көрүүгө аракет кылат. Мисалы, Кытай үчүн бул уюм негизинен Борбор Азиядагы экономикалык кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана кеңейтүү үчүн маанилүү. Орусия үчүн болсо азыркы санкциялар шартында бул уюм өзүн эл аралык обочолонуудан чыгып жаткан мамлекет катары көрсөткүсү келет. Москва Кытай, Индия, Иран жана Борбор Азия мамлекеттери менен бирге экенин көрсөтүүгө кызыкдар. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү Шанхай кызматташтык уюмун көп векторлуу тышкы саясатынын бир бөлүгү катары кабыл алышат.

Ошондуктан, менимче, бул уюм жакын арада бирдиктүү геосаясий күчкө айланып кетиши али мүмкүн эмес. Балким келечекте ошондой мүмкүнчүлүк жаралышы мүмкүн, бирок азыр андай божомол айтуу кыйын. Бирок бир нерсени так айтууга болот: акыркы 25 жыл ичинде Шанхай кызматташтык уюму маанилүү эл аралык аянтчага айланды. Ошол эле учурда анын ар бир мүчөсү биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп, аны өнүктүрүүгө аракет кылып келет.

"Азаттык": Дауд, сиз кандай деп ойлойсуз, 25 жылдан бери ШКУ эл аралык саясатка таасир эткен глобалдык күчкө айлана алган жок – деген сын канчалык негиздүү?

Дауд Хан: Албетте, кубаттуу уюмга айланышы толук ыктымал. Алыс кетпей, Кытайдын экономикасын, анын көлөмүн жана калкын алсак. Индиянын экономикасына жана калкынын санын карасак. Аларга жанаша жаратылыш ресурстарына бай борбор азиялык өлкөлөр орун алган. Ошол кен байлыктар жакшы пайдаланылган жок. Ооганстандын табигый ресурстары да толук кандуу колдонулган жок. Алардын катарына Пакистанды да кошсо болот. Муну менен бирге мүчө-мамлекеттердин көбүнүн ички маселелери, чек ара, соода талаштары бар экенин унутпоо зарыл. Мисалы, жогоруда айтылган аймактагы ири өлкөлөр Кытай-Индия араздашуусу. Чек ара талашына карабай, алардын ортосундагы соода-сатык алакалары жакшы. Ошол эле маалда Индия Кытайга караганда АКШга көбүрөк ыктайт. Пакистандын позициясы абдан айырмаланат. Индия менен көйгөйлөрү бар деп айттык, муну менен бирге Кытай менен өздөрү айткандай темирдей бекем достук мамилелерди орноткон. Исламабаддын Вашингтон менен байланыштарын айта турган болсок, Пакистан армиясы инфраструктура жагынан Кошмо Штаттардан көз каранды. Бирок ушу тапта Пакистан акырындык менен Бээжинге ыктап жатканы байкалууда.

Ооганстандын бир да өкмөтү Пакистан менен бөлгөн сызыкты туруктуу чек ара деп тааныбаганын кошумчалай кетүү зарыл.Айтайын дегеним, уюмга мүчө-мамлекеттер канчалык бириккиси келсе да, эртедир-кечтир бул маселелер тоскоолдук жараптай койбойт. Орток пикир табылбаса, ички араздашуулардан улам альянстын региондогу реалдуу күчкө айлануусу көп тоскоолдуктарга туш болмокчу.

"Азаттык": Мен сизге ошол эле суроону берсем, ушундай чоң уюмдарда улуттук кызыкчылыктар менен жамааттык чоң максаттарды айкалыштыруу канчалык мүмкүн?

Дауд Хан: Улуттук кызыкчылыктар тууралуу сөз кылганда, эл аралык саясаттын татаалдыгы ар бир мамлекеттин, ар бир өлкөнүн ошол кызыкчылыктарды өз көз карашынан алып чечмелегенде жана коргогонунда жатат. Демек уюмдун ар бир мүчөсү бул маселеде өз алдынча позицияны карманат. Алсак, Индия көзөмөлдөгөн Кашмирди өзүнө алуу Пакистандын улуттук кызыкчылыгын түзөт. Өз кезегинде Дели аймак Индиянын курамында калышы керек деп эсептейт. Ушундай эле нерсени Ооганстан менен Пакистан жөнүндө айтса болот. Ошон үчүн мындай уюмда улуттук кызыкчылыктарды баланстоо абдан кыйын деп ойлойм.

Абдан татаал моменттер көп. Блоктун мүчөлөрү белгилүү бир учурда орток пикирге келүү үчүн чоң аракет жумшоого тийиш. Бирок соода жана эки тараптуу алакаларды кеп кылганда, кээде өлкөлөргө маселелерди кийинкиге калытырууга туура келет. Мисалы Индия чек ара талаштарын мындай коюп, Пакистан менен соода-сатыгын жандандырса, ал иш жакшы жүрсө, чек ара ачылып, товар жеткирүүнүн маршруту кыйла кыскармак. Жүк андан ары Ооганстанга бир күндө, эртеси Борбор Азияга жетмек.

Ушундай кызыкчылыктар ошол өлкөлөрдү жакындаштыра алат. Борбор Азиядан Пакистан, Ооганстан жана Индияга чейинки аймакта жакырчылык деңгээли жогору десек болот. Калктын басымдуу бөлүгү кедей. Өкмөттөр жакырчылыкты жоюуну көздөсө, экономиканы жана ресурстарды өнүктүрүүнү кааласа, ортодогу чек ара талаш-тартыштарын экинчи планга жылдырса, өз элинин кызкычылыктарын биринчи орунга коюшса, анда албетте, айкалыштырса болот.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG