Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Си Цзиньпин.
Си Цзиньпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушууда айтты.

Эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестиция тартуу, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөштү.

30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов буга чейин 30-июлдан 1-августка чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүп жатканын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG